ЖМК: Аскерлерди заводдо иштетип, акчасын алып жүргөн командир кармалды

20-декабрда жергиликтүү басылмалар Чүй облусунун Кой-Таш айылындагы №73809 аскердик бөлүгүнүн командири адамдарды соодалоого шектелип кармалганын жазып чыкты.

Басылманын маалыматына ылайык, шектүү аскерде кызмат өтөп жүргөн 12 баланы томат чыгарган заводго ишке орноштуруп, акысын өзү алып турган. 

Бул боюнча «Адамдарды соодалоо» беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү кармалганы айтылат.

Ал эми Коргоо министрлигинен «Клоопко» учурда бул иш боюнча Аскер прокуратурасы териштирүү жүргүзүп жатканын айтып, анын жыйынтыгында толук маалымат берүүнү убадалашты.

ТЕМА БОЮНЧА:

Аскер прокуратурасы кызды зордуктоого шектелген Улуттук гвардиянын эки аскерин кармады

Адам сатуу жана диктатура: Америкалык сериалда Кыргызстан кандай чагылдырылган?