Фестивалда тасманы көрсөтүүгө тыюу салган «Кыргыз тасмасынын» кызматкерлерине сөгүш жарыяланды

«Бир Дүйнө — Кыргызстан» коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган Эл аралык көргөзмөдө «Согуш мезгилиндеги жазуулар» даректүү тасмасын көрсөтүүгө тыюу салган «Кыргыз тасмасы» мамлекеттик кино борборунун кызматкерлерине сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу 21-декабрда аталган коомдук бирикменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган көргөзмө 27-ноябрдан 1-декабрга чейин Бишкек шаарында өттү. Уюштуруучулар көргөзмөгө катышуучу даректүү тасмалардын тизмесин мекемеге 17-октябрда сунуштаган. 

14-ноябрда уюм тарабынан сунушталган тасмаларга, анын ичинде «Согуш мезгилиндеги жазуулар» (Wartime notes) тасмасына күбөлүк берилген. Бирок кийин жергиликтүү басылмаларда 30-ноябрда көрсөтүлөт делген Барбара Купистинин тасмасынын күбөлүгү чакыртылып алынганы тууралуу маалыматтар тараган. Буга «тасма экстремисттик багыттагы сценаларды камтый турганы» жүйө келтирилген.

«Муну менен мамлекеттик мекеме коомчулукту дагы, биздин уюмду дагы адашууга алып келди. Анткени, мыйзамга ылайык тийиштүү ведомство аралык юридикалык эксперттик корутунду жүргүзүлгөн жок. Ал эми тасмада экстремисттик багыттагы сценалардын болгону тууралуу тараган имиштер фактологиялык жана юридикалык жактан эч нерсеге негизделбейт», — деп айтылат коомдук бирикменин билдирүүсүндө.

«Бир Дүйнө — Кыргызстан» коомдук бирикмеси мамлекеттик кино борбордун иш-аракеттеринен соң «фестивалдын аброюна шек келтирүү тобокелине учурап, жергиликтүү жана эл аралык уюмдар фестиваль менен кызматташуудан жана өнөктөш болуудан баш тартышканын» билдирди.

Буга байланыштуу коомдук бирикме кино борбордун мыйзамсыз аракеттерине Маданият министрлигинин алдындагы Кинематография департаментине арыз жолдогон. Андан сырткары, Конституциялык сотко жана Бишкек шаарынын Административдик сотуна адам укуктары бузулуп жатат деген негизде арыз менен кайрылган.

Арыздын негизинде кызматтык териштирүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында «Кыргызтасмасы» мамлекеттик мекемеси 13-ноябрда эле жогоруда көрсөтүлгөн тасмага прокаттык күбөлүк берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алганы аныкталган.

Эмгек кодексинин «Тартиптик жаза» жана «Тартиптик жазаларды колдонуунун тартиби» беренелерине ылайык, кызматкерге тапшырылган эмгек милдеттери анын күнөөсү боюнча укукка каршы аткарылганы же тийиштүү түрдө аткарылбаганы үчүн «Кыргызтасмасы» кино борборунун жетекчилигине эскертүү, ал эми «Кино жана видеотасмалар прокаты» бөлүмүнүн башчысына сөгүш жарыяланган.

Маданият министрлиги окуя боюнча азырынча комментарий бере элек.

«Бир Дүйнө — Кыргызстан» укуктук коомдук бирикмеси «Эч кимди артка калтырбоо» чакырыгы менен 27-ноябрдан 1-декабрга чейин «Бир Дүйнө- 2023» адам укуктары боюнча даректүү тасмаларынын 18 — Эл аралык көргөзмөсүн өткөргөн.  

Көргөзмө Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча декларациясынын 75 жылдыгына жана Укук коргоочуларды коргоо жөнүндө декларациясынын 25 жылдыгына арналып уюштурулган. 

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкектеги кинофестиваль: Беларустагы шайлоо, Украинадагы согуш тасмаларын көрсөтүүгө тыюу салынды

БШК шайлоо өнөктүгү учурунда даттанууларды кароодо кош стандарт мамиле кылды — «Бир Дүйнө — Кыргызстан»