Ош: 15 жаштагы өспүрүм дарыканадан психотроптук дарыларды мыйзамсыз сатып алып, өзүн өлтүрүүгө аракет кылды

Ош шаарындагы «Мир и Нур» дарыканасы психотроптук, күчтүү таасир этүүчү  дарыларды өспүрүмгө мыйзамсыз сатып, аны колдонгон 15 жаштагы кыз өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылды. Бул тууралуу «Клоопко» 21-декабрда шаардык милициядан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, 17-декабрда Ош шаардык ооруканасына 15 жаштагы өспүрүм оор абалда жеткирилген.  

Бул факт боюнча Ош ШИИБдин ыкчам-тергөө тобу иликтөө жүргүзүп, жабырлануучу Абдыкадыров көчөсүндө жайгашкан «Мир и Нур» дарыканасынан дарыгердин көрсөтмөсү жок төрт даана психотроптук дарыларды алып пайдаланганы аныкталды. 

Милициядан өспүрүм буга чейин дагы ошол эле дарыканадан ошондой эле дарыларды алып, пайдаланып жүргөнү аныкталганын кошумчалашты.

Учурда ишке байланыштуу материалдар чогултулуп, дарыкананын кызматкерлерине юридикалык баа берүү үчүн тергөө кызматына жана Оштогу дары-дармек жана медициналык шаймандар департаментине жөнөтүлдү.

Ош шаарындагы «Мир и Нур» дарыканалар түйүнүнүн биринде буга чейин дагы психотроптук дарылар дарыгердин көрсөтмөсү жок сатылганы аныкталган.

Башкы беттеги иллюстративдик сүрөт.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Өлкөдө дагы 46 дарыкана ачылат». Бишкекте алгачкы мамлекеттик дарыкана иштей баштады