Аламүдүн: Арашан айылындагы көрүстөндөн курал-жарак сактоочу жай табылды

25-декабрда УКМКдан Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан айылында маркум кримтөбөл Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө таандык курал-жарактарды сактоочу жай табылганын билдиришти.

Маалыматка ылайык, Арашан айылында жайгашкан көрүстөндүн аймагындагы мүрзөгө коюлган таштардын биринен эки боз полипропилен баштык табылган. Баштыкты текшерүү учурунда ок атуучу куралдар, ар кандай калибрдеги тапанчалар, Калашников автоматы, кесилген жылмакай куралдар, ок-дарылар жана жардыргыч заттар табылган.

«Маркум кримтөбөл Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү тарабынан жасалган, курал-жарактардын жана жардыргыч заттардын арсеналы катылган жашыруун жай табылды» — деп айтылат билдирүүдө.

Атайын кызматтан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жогоруда аталган курал-жарактар алынып, тиешелүү экспертизага жөнөтүлөрүн билдиришти.

Учурда куралдарга тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери уланууда.

Кримтөбөл Камчы Көлбаев 4-октябрда УКМКнын кармоо операциясы учурунда өлтүрүлгөн. Мыйзамдагы ууру кармоо учурунда «куралдуу каршылык көрсөткөндүктөн» жооптуу ок чыгаруу менен «жок кылынганы» айтылган.

Кийин атайын кызматтан «криминалдык империянын» масштабын айтышкан. Ведомствонун маалыматы боюнча, Көлбаевдин мыйзамсыз жол менен алынган бардык мүлкүнүн алдын ала баасы 1 млрд АКШ долларын түзөт, алар камакка алынган.

Көлбаевдин өлүмүнөн сон УКМК кылмыштуу топторду кармоо иштерин күчөтө баштаган. Октябрдын башында эле атайын кызмат Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун 40тан ашуун активдүү мүчөсү менен лидерлери колго түшкөнүн билдирген. Кармалгандардын арасында ишкерлер, мурдагы депутаттар, мамлекеттик кызматкерлер да бар.

ТЕМА БОЮНЧА:

Көлбаевдин кылмыштуу кирешелерин адалдоого шектелип экс-депутаттын уулу кармалды

Ташиев: Көлбаев жана Матраимов менен байланышы бар 225 мамлекеттик кызматкер аныкталды