Сойкулук менен күрөш. Ташиев Биринчи май районунун акими жана милициянын башчысы кызматтан бошотулганын айтты

Бишкекте интимдик кызмат көрсөтүүчү жайларга бөгөт коюу иш-чараларынын алкагында Биринчи май районунун акими Мурат Осмонов жана райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы Тилек Тюкебаев кызматтан бошотулду. Бул тууралуу 25-декабрда Камчыбек Ташиев УКМКнын кезектеги имаратынын ачылышында билдирди. 

«Акыркы 30 жыл аралыгында Кулиев көчөсүн билбеген адам калган жок. Жакында ал жерде дагы интим кызматын көрсөткөн жайды жаптык. Көзөмөлдүн жоктугу үчүн Биринчи Май районунун акими жана ички иштер башкармалыгынын башчысы кызматынан бошотулуп, 10 милиция кызматкерине, мэриянын жана УКМКнын айрым кызматкерлерине катуу чаралар көрүлдү», — деди Ташиев.

Ташиев ошондой эле кол алдындагыларга сойкулук менен дагы да катуу күрөшүүнү тапшырды. Анын айтымында, «сойкуканалар жок болгондо кыргызстандыктардын жашоосу оңолот».

Буга чейин Бишкек шаардык милициясы сойкулук менен алектенген 4 адамды кармаган. Бул президенттин ыктыярдуу кеңешчиси Болот Ибрагимовдун Кулиев көчөсүндөгү мейманканада сексуалдык кызмат көрсөтүүлөр тууралуу видеосу жарыялангандан кийин болгон. Аталган ишке тиешеси барларга «Сойкулукка көмөк көрсөтүү» беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.

Ошондой эле, уставды бузганы үчүн Бишкек ШИИБдин райондук бөлүмүнүн 10 начальниги тартиптик жазага тартылды. Алардын бири Биринчи Май РИИБдин ГОМ-8 бөлүмүнүн башчысы Сталбек Токтогазиев ээлеген кызматынан бошотулду.

30-ноябрда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жетекилерине, ошондой эле укук коргоо органдарына 1-декабрга чейин «интим кызмат» көрсөткөн жайлардын баарын жабууну тапшырган. Ал кайсыл аймакта мындай жайлар табылса, ошол жердин жергиликтүү бийлик башчылары жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери дароо кызматтан алынарын эскерткен.

28-ноябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) «интимдик жайларды уюштурган адамдардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлганын» билдирген. Маалымат менен кошо атайын кызмат сойкулук ишке тартылган делген 70тен ашык аялдын жеке маалыматын да жарыялаган. 

Акыйкатчы институту атайын кызматтын бул аракетине комментарий берип жатып, мамлекеттик органдарды секс-кызматкерлердин укуктарынын корголушун камсыздоого, ошондой эле «алардын жүзүн көрсөтпөөгө жана жеке маалыматтарын ачыкка чыгарбоого» чакырган, себеп дегенде бул «алардын мыйзамда көрсөтүлгөн укуктарын бузарын» эскерткен. 

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК секс-кызматкерлерди алардын жеке маалыматын жарыялап «уяткарды». Бул эмне үчүн туура эмес?

Интим кызматын көрсөткөн жайларга рейд. Экс-аким кармалып, ишеним телефондору уюштурулду