Өзгөн шаарынын мурдагы мэри эч жакка кетпөө тилкаты менен бошотулду

Өзгөн райондук соту мурдагы мэр Дамир Моңолдоровдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, эч жакка кетпөө тилкаты менен абактан бошотту. Бул тууралуу «Клоопко» 26-декабрда Ош облустук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алып, тергөө органдары менен макулдашууга жетишкен. Шектүүнүн жактоочусу анын карамагында жашы жете элек бир кызы бар экенин жана ден соолугу начарлап ооруп жатканын билдирип, өтүнүч келтирген.

Кылмышка шектүү Дамир Моңолдоров. Сүрөт: УКМК

Аталган жагдайларды эске алуу менен Өзгөн райондук сотунун 22-декабрдагы токтому менен айыпталуучунун бөгөт коюу чарасы өзгөртүлүп, жашаган жеринен эч жакка кетпөө жөнүндө кол кат түрү тандалды.

15-ноябрда Өзгөн шаарынын мэри Дамир Моңолдоровдун кармалганы белгилүү болгон. УКМКнын версиясы боюнча, чиновник «жеке кызыкчылыгын көздөгөн максаттарына жетүү үчүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн такай пайдаланып, өзүнө жакпаган адамдарды коркутуп келген».

Моңолдоровго «Өмүргө жана ден-соолукка коркунучтуу зомбулук көрсөтөм деп коркутуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

16-ноябрда Ош шаардык соту Моңолдоровдун тергөө изоляторундагы мөөнөтүн узартып, 9-декабрга чейин камакта калтырылганын билдиришкен.  

ТЕМА БОЮНЧА:

Өзгөн шаарынын мэри Көлбаевдин кылмыштуу тобуна тиешеси бар деп шектелип кармалды

Өзгөндүн мэри 9-декабрга чейин камакта калды