Бишкекте 55 жаштагы аял ооруканада укол сайылгандан кийин каза тапты

26-декабрда Бишкектеги №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда 55 жаштагы аял антибиотик сайылгандан кийин башы айланып, аба жетпей, эриндери көгөрүп, эсин жоготкон. Ага медициналык жардам көрсөтүлгөнүнө карабай жеринде каза тапкан. Бул тууралуу «Клоопко» 27-декабрда Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, маркум жүрөк оорусуна байланыштуу жашаган жери боюнча кардиоревматологдун көзөмөлүндө турган. Ошондой эле антибиотикти дарыгер дайындаганы, ал буга чейин дарыны алып жүргөнүн кошумчалашты.

Учурда окуяны иликтөө иштери жүрүп жатат.

18-декабрда Бишкектеги тиш доктурда 3 жашар кыз чарчап калган. Анын ишин Саламаттык сактоо министрлиги көзөмөлгө алганын билдиришип, иштин чоо-жайы такталганга чейин стоматологиялык борбордун иши токтотулган.  

Шектүүгө карата «Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу» беренеси менен кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери уланууда.

Башкы беттеги иллюстративдик сүрөт.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкек: Тиш доктурда каза болгон 3 жашар кыздан ишин министр өз көзөмөлүнө алды