Камчыбек Ташиев 2024-жылы абактарда тартип орнотуларын айтты

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 2024-жылы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө каршы күрөш улана турганын жана абактар иретке келтирилерин айтты. Бул тууралуу Ташиев Жалал-Абад облусунун Сузак райондук милициясына кызматтык унааларды тапшыруу учурунда билдирди.

Ташиев өткөн жылы мамлекеттик органдардагы коррупцияны кыйла азайтып, «дээрлик нөлгө» түшүрө алганын, бирок бул ишти улантуу керектигин белгиледи.

«2023-жылы уюшкан кылмыштуу топтордун белин сындырдык. Мындан ары мамлекетибизде эч кандай бандиттер, уюшкан кылмыштуу топтор, кайсыл бир “авторитеттер” болбойт. Мамлекетибиз мыйзамдуу, укуктуу, эркин болот. Эгерде, уюшкан кылмыштуу топтордун кайсыл бир мүчөлөрү калган болсо 2024-жылы аларды тыптыйпыл жок кылабыз. Муну ачык айтып, баарыбыз акыл-эс менен муну түшүнүшүбүз керек. Эч кандай “мыйзамдагы ууру”, “положенец”, “смотрящий” жана башка сөздөр колдонулбайт. Андайлар бизде болбойт. Эркиндикте эле эмес, түрмөнүн ичин дагы иретке келтиребиз», — деди Ташиев.

Кыргыз бийлиги өлкөдө уюшкан кылмыштуу топторго каршы катуу күрөш жүрүп жатканын байма-бай айтып, өлкөдө мындан ары кылмыштуулук болбойт деп ишендирип келүүдө.

2023-жылы 4-октябрда өлкөдөгү эң белгилүү кримтөбөл Камчы Көлбаев УКМКнын кармоо операциясы учурунда өлтүрүлгөн. Мыйзамдагы ууру кармоо учурунда «куралдуу каршылык көрсөткөндүктөн» жооптуу ок чыгаруу менен «жок кылынганы» айтылган.

Көлбаевдин өлүмүнөн сон УКМК кылмыштуу топторду кармоо иштерин күчөтө баштаган. Октябрдын башында эле атайын кызмат Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун 40тан ашуун активдүү мүчөсү менен лидерлери колго түшкөнүн билдирген. Кармалгандардын арасында ишкерлер, мурдагы депутаттар, мамлекеттик кызматкерлер да бар.

Кийинчерээк айрым кримтөбөлдөр биринин артынан бири мурдагы «уурулардын түшүнүктөрүнөн» баш тартышканын ачык жарыялап, мындан ары мыйзамга баш ийүүгө убада беришкен.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Матраимов “Матиз” минип жүрсүн». Ташиев маморгандарда «мафиядан тазалоо» жүрүп жатканын айтты