Арстан Алайдын сөөгү №31 түзөтүү абагынан табылды

Арстан Алай. Сүрөт: УКМК

№31 түзөтүү абагынын камераларынын биринен Арстан Алай деген каймана ат менен белгилүү 55 жаштагы Арстанбек Абдылдаевдин сөөгү табылды. Бул тууралуу анын жактоочусу Кайсын Абакиров 5-январда билдирди.

Жактоочу абакта жаткан Арстан Алайдын өлүмүнө «тергөө органынын жана соттун мыйзамсыз аракеттери себеп болду» деп эсептейт.

«Бул иш УКМКда тергелип жатканына жана анча оор эмес кылмыш экенине карабастан тергөөчүнүн ТИЗО-1ге камоо өтүнүчү менен кайрылганынын кесепети болду. Октябрь райондук соту тергөөчүнүн көрсөтмөсү менен Жазык-процессуалдык кодексинин нормаларын бузуу менен: “Бул көзөмөлдүк иш” деп жүйө келтирип, акырын камакка алып жатат. ТИЗОнун жетекчилигине анын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бир нече жолу кат жүзүндө кайрылганыма карабай ушундай болду. Эмне себептен, кимдин көрсөтмөсү менен, бизден кабарсыз качан №31 абакка которуп коюшканы бизге белгисиз», — деп жазды жактоочу фейсбук барагына.

Абакиров бардык күнөөлүү кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу өтүнүчү менен Башкы прокуратурага кайрылганын белгиледи.

Жаза аткаруу кызматы кийинчерээк маалымат берүүнү убадалады.

УКМКнын кызматкерлери Арстан Алайды 2023-жылдын декабрь айынын ортосунда диний кастыкты козуткан деген шек менен кармашкан. Ал «китептерди таратуу менен социалдык тармактарда диний кастыкты козуткан чакырыктарды жасоого» шектелип жатканы айтылган.

Атайын кызматтан шектүү өзүн «Жаңы Кудай», «Куткаруучу» деп эсептеп, «башка диндерди, ишенимдерди, көз караштарды төмөн, алсыз жана жараксыз адашуу» деп эсептеп, аларга терс баа берип келгенин белгилешкен.

Арстан Алай коомдо 2011-жылы «Кыш болбойт» деп айтканы менен эсте калган. Кийин да өзүн «Жаңы Кудаймын» деп жарыялап, үч ирет президенттик шайлоого талапкерлигин койгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Диний кастыкты козутууга шектелген Арстан Алай 15-январга чейин камакка алынды