Жазаларды аткаруу кызматы Арстан Алай асынган абалда табылганын кабарлады

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Арстан Алайдын сөөгү 5-январда таңга жакын атайын дарылоо мекемесинин ашканасында асынган абалда табылганын билдирди.

Маалыматка ылайык, ал 2023-жылдын 28-декабрында врач-психиатрдын сунуштамасы менен «Инсанияттын такталбаган психатикалык бузулушу, галлюцинация» деген диагноз менен №31 дарылоо мекемесине жеткирилген.

29-декабрда Алай «мезгил-мезгили менен жүрөгү жана башы ооруп, кулагы шуулдап, тамактангандан кийин ашказаны ооруп, тез-тез чарчап калганына» арызданып дарыгерлерге кайрылган. Текшерүүн жыйынтыгында, ага «такталбаган психотикалык инсандык бузулуу, коронардык жүрөк оорусу бар» деген диагноз коюлган. 

Арстан Алайдын кармалышы. Сүрөт: УКМК

Натыйжада, өтө жогорку тобокелдиктеги гипертониялык оору жана клиникалык диагнозду тактоо үчүн тиешелүү адистердин текшерүү жүргүзүшү үчүн чечим чыгарылган.

«5-январь саат 04:52де айыпталуучу Арстан Абдылдаев Жазаларды аткаруу кызматынын дарылоо мекемесинин ашканасына кирип, болжол менен саат 05:15те асынган абалда табылган. Сөөктү алгачкы кароодо дене жаракаттары табылган эмес. Өлүмдүн чыныгы себебин жана механизмин аныктоо максатында комиссиялык соттук-медициналык экспертиза дайындалды», — деп айтылат билдирүүдө.

Аталган факт милициянын электрондук журналына катталып, териштирүү иштери башталды.

5-январда жактоочу Кайсын Абакиров №31 түзөтүү абагынын камераларынын биринен Арстан Алай деген каймана ат менен белгилүү 55 жаштагы Арстанбек Абдылдаевдин сөөгү табылганын билдирген. Абакиров Алайдын өлүмүнө «тергөө органынын жана соттун мыйзамсыз аракеттери себеп болду» деген. Ошондой эле ал тиешелүү кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу өтүнүчү менен Башкы прокуратурага кайрылган.

Арстан Алайдын кармалышы

УКМКнын кызматкерлери Арстан Алайды 2023-жылдын декабрь айынын ортосунда диний кастыкты козуткан деген шек менен кармашкан. Ал «китептерди таратуу менен социалдык тармактарда диний кастыкты козуткан чакырыктарды жасоого» шектелип жатканы айтылган.

Атайын кызматтан шектүү өзүн «Жаңы Кудай», «Куткаруучу» деп эсептеп, «башка диндерди, ишенимдерди, көз караштарды төмөн, алсыз жана жараксыз адашуу» деп эсептеп, аларга терс баа берип келгенин белгилешкен.

Абдылдаевдин жашаган үйүн жана сабак өтчү жерин тинтүү учурунда бир нече адабий китептер, компьютер жана электрондук материалдар табылган.

Арстан Алай коомдо 2011-жылы «Кыш болбойт» деп айтканы менен эсте калган. Кийин да өзүн «Жаңы Кудаймын» деп жарыялап, үч ирет президенттик шайлоого талапкерлигин койгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Арстан Алайдын сөөгү №31 түзөтүү абагынан табылды

Диний кастыкты козутууга шектелген Арстан Алай 15-январга чейин камакка алынды