Юстиция министрлиги Арстан Алайдын өлүмүн иликтөө үчүн атайын комиссия түздү

№31 түзөтүү мекемесинде каза болгон Арстан Алай каймана аты менен белгилүү Арстанбек Абдылдаевдин өлүмү боюнча атайын комиссия түзүлдү. Бул тууралуу 5-январда Юстиция министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

«Комиссия колдо бар бардык материалды, анын ичинде Абдылдаев өз буту менен басып жүргөнү, өз жанын кыюуга ниетенгенин айгинелеген кыймыл-аракеттери тартылып калган байкоочу камералардагы жазууларды изилдеп жатат. Тиешелүү материалдар тергөөгө чейинки жол-жоболордун алкагында тиешелүү адамдарга толугу менен берилет, изилденет», — деп айтылат билдирүүдө.

Ал арада Абдылдаевдин жактоочусу Кайсын Абакиров маркумдун жакындары бул иште күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу талабы менен укук коргоо органдарына арыз жазарын кабарлады.

«Абдылдаевдин туугандары кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу боюнча арыз берет. Себеби, шектүү катары камакта жаткан адамды Жаза аткаруу кызматынын бир мекемесинен экинчисине которуу тартиби мыйзамда так көрсөтүлгөн», — деди ал Абдылдаевди эскертүүсүз эле дарылоо мекемесине которулганына нааразы болуп. 

5-декабрда 55 жаштагы Абдылдаевдин сөөгү №31 түзөтүү мекемесинде табылганы кабарланды. Жаза аткаруу кызматынан маркум таңга маал дарылоо мекемесинин ашканасында асынган абалда табылганын билдиришти.

Маалыматта Абдылдаевдин денесин алгачкы кароодо зордук-зомбулуктун белгилери аныкталбаганы айтылат. Ал эми Абдылдаевдин адвокаты анын өлүмүнө «тергөө органынын жана соттун мыйзамсыз аракеттери себеп болду» деп эсептейт.

Арстан Алайдын кармалышы

УКМКнын кызматкерлери Арстан Алайды 2023-жылдын декабрь айынын ортосунда диний кастыкты козуткан деген шек менен кармашкан. Ал «китептерди таратуу менен социалдык тармактарда диний кастыкты козуткан чакырыктарды жасоого» шектелип жатканы айтылган.

Атайын кызматтан шектүү өзүн «Жаңы Кудай», «Куткаруучу» деп эсептеп, «башка диндерди, ишенимдерди, көз караштарды төмөн, алсыз жана жараксыз адашуу» деп эсептеп, аларга терс баа берип келгенин белгилешкен.

Абдылдаевдин жашаган үйүн жана сабак өтчү жерин тинтүү учурунда бир нече адабий китептер, компьютер жана электрондук материалдар табылган.

Арстан Алай коомдо 2011-жылы «Кыш болбойт» деп айтканы менен эсте калган. Кийин да өзүн «Жаңы Кудаймын» деп жарыялап, үч ирет президенттик шайлоого талапкерлигин койгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жазаларды аткаруу кызматы Арстан Алай асынган абалда табылганын кабарлады