Нарында атасын өлтүрүп, сөөгүн ажатканага таштаган 26 жаштагы тургун кармалды

Нарын шаарында өз атасын өлтүрүп, сөөгүн ажатканага чөктүрүп салууга шектелген 26 жаштагы тургун кармалды. Бул тууралуу «Клоопко» 9-январда Нарын ОИИБден билдиришти

Маалыматка ылайык, 6-январь саат 21:00 чамасында милицияга Нарын шаарынын Мырзабеков көчөсүндөгү үйлөрдүн бириндеги ажатканадан белгисиз адамдын сөөгү табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Маркум ошол эле көчөдөгү үйлөрдүн биринде жашаган 54 жаштагы тургун экени аныкталган.

Мурдараак, 2023-жылы 12-ноябрда, маркумдун жубайы милицияга кайрылып, күйөөсү 11-ноябрда 15:00 чамасында үйдөн чыгып кетип дайынсыз болуп жатканын айткан. 

Издөө салынган тургундун сөөгү табылган факт боюнча «Адам өлтүрүү» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, териштирүү иштери башталган. 

Иштин алкагында маркумдун 26 жаштагы уулу сурак учурунда «атасы спирт ичимдигин ичкенине байланыштуу өз ара уруша кетип, атасын түртүп жибергенде ал чалкасынан жыгылып, башынын арткы тарабы менен цементтин кырына тийип эсин жоготуп койгонун» билдирген. Андан соң «атасы турбай калганда каза болуп калды деп ойлоп, башына желим баштык кийгизип, короодогу ажатканага чөктүрүп салганын» моюнуна алган.

Милициядан 7-январда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө уланып жатканын маалымдашты.

ТЕМА БОЮНЧА: 

«Унаасын өрттөп салышкан». Чүйдө адам өлтүрүүгө шектелип эки киши кармалды

Базар-Коргондо адам өлтүрүүгө шектелген 49 жаштагы тургун колго түштү