УКМК: «Баткен-Комфорт» базарынын акциялары мамлекеттин менчигине өттү

«Баткен-Комфорт» базарынын акцияларынын контролдук пакетинин 64,38%ы мамлекетке өткөрүлүп, жетекчилиги алмашты. Бул тууралуу 11-январда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, мурдагы вице-премьер-министр Аскар Шадиев ошол учурдагы Жогорку Кеңештин мүлк боюнча комитетинин төрагасынын ыйгарым укуктарын пайдаланып, арзандатылган баадагы 3 гектарга жакын жер тилкесин, тактап айтканда «Баткен-Комфорт» базарын өзүнүн туугандарына каттатып алган. 

Мурда аныкталган «өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык» фактысы боюнча козголгон ишти тергөөнүн жүрүшүндө базардын ээлери «Баткен-Комфорттун» 64,38%ын ыктыярдуу түрдө мамлекетке өткөрүп беришкен.

«Үстүбүздөгү жылдын 9-январында Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик негизги акционер катары “Баткен-Комфорт” базарынын жетекчилигин алмаштырды, мындан улам январь айынан баштап базардагы соода жайларынын ижара акысынан айына 10 млн, жылына 120 млн сом мамлекеттик бюджетке түшөт», — деп айтылат билдирүүдө.

УКМК 2020-жылдан бери Интерпол тарабынан эл аралык издөөдө жүргөн Шадиевдин жубайы Асел Шадиевага таандык базардын калган акцияларын конфискациялоо иштери улана турганын белгиледи. Аны менен катар, базарлардагы алдамчылык жана салык мыйзамдарын бузуу аракеттеринин алдын алуу иштери уланарын кошумчалашты.

ТЕМА БОЮНЧА:  

Кара-Суу: Мыйзамсыз жер сатып, мамлекетке 15 млн сомдон ашуун зыян келтирген кызматкерлер кармалды

Садыр Жапаров: «Кумтөр» 100% мамлекетке өттү, Текебаев алжып калган