Кара-Суу: Мыйзамсыз жер сатып, мамлекетке 15 млн сомдон ашуун зыян келтирген кызматкерлер кармалды

«Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы филиалынын кызматкери, жер адиси жана айыл өкмөттүн кызматкерлери мыйзамсыз жер сатуу менен алектенип, мамлекетке жалпысынан 15 млн 379 миң 534 сомго жакын зыян келтирилгени аныкталды. Бул тууралуу «Клоопко» 15-ноябрда Ош ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылы 17-августта Кара-Суу районунун Кең-Сай айылынын 47 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылган. 

Анда «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Кара-Суу филиалынын кызматкерлери жана аталган айыл өкмөттүн кызмат адамдары 17-июлда кызмат абалынан пайдаланышып, Кескен-Жар айылындагы мамлекеттик фондго караштуу 3,78 гектар жерди жана Курбан-Кара айылындагы 8 гектар жер аянтын «жасалма келишимдин негизинде башка бирөөгө мыйзамсыз сатып жиберишкенин» билдирген. 

Бул факт боюнча Кескен-Жар айылындагы 3,78 гектар жер тилкеси боюнча 17-августта «Коррупция» беренесинин негизинде, ал эми Курбан-Кара айылындагы 8 гектар жер аянты боюнча 21-октябрда «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» беренелеринин негизинде эки кылмыш иши козголгон. 

9-сентябрда кылмышка шектүү катары «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Кара-Суу филиалынын 54 жаштагы кызматкери, Савай айыл өкмөтүнүн 37 жаштагы жер адиси, ошол эле айыл өкмөттүн 34 жаштагы мурдагы айыл өкмөтүнүн башчысы жана айыл өкмөттүн башчысынын 41 жаштагы орун басары кармалды.

Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.  

ТЕМА БОЮНЧА:

Башпрокуратура «Кадастрдын» Аламүдүн райондук бөлүмүнүн жетекчисин коррупцияга шектеп кармады

«Жер мафиясы». «Кадастрдын» кызматкерлери жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды