Айсулуу Тыныбекова менен Айпери Медет кызы Хорватияда өткөн мелдеште алтын медаль утушту

Кыргызстандык балдан кыздар Айсулуу Тыныбекова менен Айпери Медет кызы Хорватияда өткөн ZAGREB OPEN биринчи рейтингдик мелдешинде алтын медаль жеңди.

62 килограммдык салмакта күч сынашкан Айсулуу Тыныбекова финалда америкалык балбанды 7:0 эсебинде утса, 76 килограммда беттеш өткөргөн Айпери Медет кызы кытайлык спортчуну жеңип биринчи орунга татыды.

Мелдеш 10-январдан 14-январга чейин Хорватиянын Загреб шаарында өттү. Ага Кыргызстандын атынан Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы жана Нурзат Нуртаева катышты. Аларды кураманын машыктруучусу Нурбек Изабеков жетектеп барды. 

Ошондой эле Кыргызстандын кыздар курамасы 15-22-январь күндөрү Венгриянын Тата шаарында өтө турчу эл аралык окуу-машыгуу жыйнына катышары айтылды.

2023-жылы Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) Айсулуу Тыныбекованы кыз-келиндер күрөшү боюнча 2023-жылдын мыкты балбаны деп тапкан. Ал эми Айпери Медет кызы буга чейин 2023-жылдын октябрында Кытайдын Ханчжоу шаарында өткөн Азия оюндарында алтын медаль уткан

ТЕМА БОЮНЧА: 

Күрөш дүйнөсүндө Айсулуу Тыныбекова мыкты балбан айым деп табылды

Сүйүнчү! Айпери Медет кызы Азия оюндарында алтын тагынды