Тиш доктурда каза болгон үч жашар кыздан өлүмү боюнча иликтөө жүрүп, бир дарыгер камакка алынды

Саламаттык сактоо министрлиги тиш доктурда каза болгон үч жашар кыздын өлүмү боюнча ички иликтөө жүргүздү. Бул тууралуу 15-январда министрдин кеңешчиси Ренат Мавланбай уулу парламенттин социалдык саясат комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, кызга ийне сайган анестезиолог дарыгер камакка алынып, «Дентомакс» стоматологиялык клиникасы жабылды. Шектүүгө карата «Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу» беренеси менен иш козголду.

«13 адамдан турган комиссия медициналык академияда иликтөө жүргүздук. Жыйынтыгын укук коргоо органдарына өткөрүп бердик. [...] Текшерүүдөн кийин жеке менчик “Дентомакс” клиниаксы жабылды. Кыздын ата-энеси биринчи жеке менчик клиникадан консультация алышкан, окуя Медициналык академиянын дарылоо мекмесинде болгон», — деди ал. 

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исатбек кызы бул окуяда анестезиолог гана эмес, тиш доктур да жооп бериши керектигин белгиледи.

Ошондой эле министрлик Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда 626 жеке менчик клиниканы текшергени айтылды. Лицензиясы жок иштеген 251 ишкерге 1,5 миллион сом айып салынып, 332 мекеме уруксат кагазын алганга чейин жабылды.

Кыздын чарчап калганы тууралуу 21-декабрда белгилүү болгон. Анын жакындары окуяга дарыгерлерди күнөөлөп, иштин акыйкат тергелишин талап кылышууда.

Милиция бул боюнча «Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу» беренеси менен иши козгосо, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ишти өз көзөмөлүнө алганын айткан. Азыр тергөө иштери жүрүп жатат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкек: Тиш доктурда каза болгон 3 жашар кыздан ишин министр өз көзөмөлүнө алды