Бир нече эркин медианын журналисттеринин үйүндө тинтүү жүрүп, суракка алып кеткени айтылууда

16-январь күнү таң эрте бир катар журналисттердин үйүндө тинтүү жүрүп, күч органдарынын кызматкерлери суракка алып кетишкени кабарланды. Бул тууралуу журналисттердин жакындары жана басылмалардан билдиришти.

Үйүндө тинтүү жүрүп, укук коргоо органдары алып кеткен журналисттердин көпчүлүгү Temirov Live'дын кызматкерлери экени айтылууда. Алар — Махабат Тажибек кызы, Сапар Акунбеков, акын Азамат Ишенбеков жана Максат Тажибек уулу.

Суракка жеткирилгендердин дагы экөө мурда Temirov Live'да иштеген журналист Актилек Капаров жана азыр «Арча медиада» иштеп жаткан Сайпидин Султаналиев экени белгиленди. Ошондой эле «ПолитКлиниканын» журналисти Тыныстан Асыпбек уулун да суркка алып кетишти.

Temirov Live'дын негиздөөчүсү Болот Темиров алардын Сыдыков 129 дарегиндеги кеңсесин тинтүүгө алганы жатышканын жана кызматкерлерге ИИМ тарабынан «Массалык баш аламандыктар» беренси менен иш козгогонун айтты.

Анын айтымында, укук коргоо органдан кызматкерлери журналисттерди ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына жеткиришти. Азырынча ИИМден бул боюнча комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Кечээ эле 24.kg маалымат агенттигине карата «Согушту пропагандалоо» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгону кабарланган. Алардын кеңсесинде тинтүү жүрүп, басылманын башкы директору Асел Оторбаева, шеф-редакторлору Антон Лымарь жана Махинур Ниязова атайын кызматка сурак берген. 

Аларды кеңседен чыгарылып баратканда Ниязова журналисттерге тинтүү Украинадагы согуш тууралуу жарыяланган материалдардын бири боюнча козголгон кылмыш иши менен байланыштуу экенин айткан. 

ТЕМА БОЮНЧА:

24.kg’деги тинтүү: Басылмага «Согушту пропагандалоо» беренеси менен кылмыш иши козголду