Бишкек: Төрөтканада каза болгон 22 жаштагы келиндин өлүмү боюнча экспертиза дайындалды

Бишкектеги № 2 төрөтканада эгиз төрөгөн 22 жаштагы келин каза болду. Маалыматты 16-январда Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Раиса Асылбашева тастыктады.

Анын айтымында, келин төрөт үйүнө келип түшкөндө «оор преэклампсия» диагнозу коюлуп, шашылыш түрдө кесарево жолу менен төрөгөн.

Операциядан кийин эч кандай өзгөчөлүктөр сезилген эмсе, бирок күтүлбөгөн жерден 15-январга караган түнү келин каза болгон.

«Балдар курсагында кыйналып, аман-эсен көз жарышы үчүн 34-жумада төрөтүлгөн. Балдар айына жетпей төрөлгөн, алар дарыгерлердин көзөмөлүндө», — деди министрликтин өкүлү.

Асылбашеванын айтымында, келин каттоодо туруп, дайыма текшерилип турганын. Азыркы тапта келиндин өлүмү боюнча экспертиза дайындалып, адистер анын жыйынтыгын күтүп жатат.

Өткөн жылдын октябрында Ноокат районунун аймактык ооруканасында 28 жаштагы аял төрөттөн каза болгон. Тиешелүү органдардан териштирүү жүрүп жатканын билдиришкен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ноокат райондук ооруканасында 28 жаштагы аял төрөттөн каза болду

Жалал-Абад: Төрөттөн каза болгон 31 жаштагы аялдын жакындары дарыгерлерге нааразы