Жалал-Абад: Төрөттөн каза болгон 31 жаштагы аялдын жакындары дарыгерлерге нааразы

Маркум Айпери Базарбаева. Сүрөт: «Турмуш» басылмасы

Жалал-Абад облусунун 31 жаштагы тургуну Айпери Базарбаева 10-июнда облустук төрөт үйүндө көз жумду. Маркумдун жакындары анын эмнеден улам каза болгону тууралуу түшүндүрмө берүүнү талап кылып, төрөт үйүнө чогулушту.

Ал эми оорукананын жетекчилиги операция учурунда келиндин жүрөгү капыстан токтоп калганын айтышты. Жалал-Абад облустук милициясы 23-июнда «Клоопко» учурда окуя боюнча териштирүү башталганын маалымдады.

Эмне болду?

Жалал-Абад облусунун 31 жаштагы тургуну Айпери Базарбаева 10-июнда облустук төрөт үйүндө үчүнчү наристесин төрөгөндө каза тапкан. Ал ага чейин Майлуу-Суу шаардык ооруканасына барып, бирок дарыгер жоктугунан облустук төрөтканага келген. 

Базарбаеваны жанында коштоп жүргөн жеңеси Эркинай Эргешова 22-июнда «Турмуш» басылмасына маек берип, келин төрөт залында кароосуз калып кеткенин айтып берди.

«Жалал-Абадга саат 10:30да келип, медайым Айперини бул жактагы кабыл алуу бөлүмүнө өткөрүп берип, кайра кетти. Арадан жарым саат өткөндөн кийин, тактап айтканда саат 11:15те кайын сиңдиме чалсам, “Мени төрөт залына алып кирип коюшту. Жанымда эч ким жок, суум да келип калды, кыйналып жатам, эч ким карабай жатат” деп эле өчүрүп койду. Ошол сүйлөшүү биздин акыркы сүйлөшүүбүз болуп калды», — деди келиндин жеңеси.

Эргешованын айтымында, эне менен баланын жүрөгүнүн согушу начарлаганына байланыштуу дарыгерлер келиндин жакындарынан уруксат сурабай эле операция жасап салышкан. Маркумдун жакындары дарыгерлердин мындай кадамын түшүнбөй жатканын айтышууда. 

«Кийинчерээк ал каза болуп калганын, ага жүрөгүндөгү тешик себеп болгонун айтышты. Буга чейин эки баланы кыйналбай эле Майлуу-Сууда төрөгөн. Кош бойлуу мезгилинде дарыгердин көзөмөлүндө болгон, баары жакшы болчу. Буту менен басып келген кайын сиңдимдин сөөгүн көтөрүп чыктык. Азыр анын артында эки жаш баласы, 10 күндүк ымыркайы калды», — деди Эргешова.

Дарыгерлер эмне дейт?

Нааразычылык билдирип чогулган келиндин жакындары менен облустук оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Арстанбек Алымбаев жолугуп, маркумдун жүрөгүнүн согушу жайлап кеткендиктен операция жасалган деп түшүндүрдү.

Ошондой эле Алымбаев 31 жаштагы келиндин өлүмү боюнча бейтапканада ички иликтөө башталганын, анын жыйынтыгы менен операцияга тиешеси бар дарыгерлерге чара көрүлөрүн айтты.

«Адегенде жүрөгүнүн согушун тыңшаганда жакшы согуп, кийин жайлап кеткен. Мындан улам дарыгерлер келинге операция жасашкан. Бирок операция учурунда келиндин жүрөгү капыстан эле токтоп калган», — деп жооп берди Алымбаев.

Ал эми Жалал-Абад ОИИБден 23-июнда «Клоопко» аялдын өлүмү иликтенип жатканын билдиришти.

Маалыматка караганда, маркумдун жолдошу Жалал-Абад ШИИБге жазган арызында жубайын медицина кызматкерлери «жакшы карабай койгонунан улам каза болгонун» айткан.

Учурда окуя боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүрүп жатат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Өзгөн: Төрөтканада каза болгон 37 жаштагы кош бойлуу аялдын өлүмү боюнча териштирүү башталды

Ысык-Көл: Төрөтканада 6 ымыркай чарчап калган окуядан улам оорукананын жетекчиси кызматтан алынды