Ноокат райондук ооруканасында 28 жаштагы аял төрөттөн каза болду

Ош облусундагы Ноокат районунун аймактык ооруканасында 28 жаштагы аял төрөттөн каза болду. Маалыматты «Клоопко» 4-октябрда Саламаттык сактоо министрлигинен  тастыкташты.

Аял 3-октябрда саат 20:30 чамасында төрөттөн каза болгон. Наристе аман. Маркумдун артында 3 баласы калды. 

Учурда аялдын өлүмү териштирилип жатат.

Үстүбүздөгү жылдын 10-июнунда Жалал-Абад облусунун 31 жаштагы тургуну Айпери Базарбаева облустук төрөт үйүндө көз жумган

Маркумдун жакындары анын эмнеден улам каза болгону тууралуу түшүндүрмө берүүнү талап кылып, төрөт үйүнө чогулушкан. Алар аял каралбай калгандыктан каза болду деп эсептешип, дарыгерлерге нааразы болушкан. 

Ал эми ооруканадан операция учурунда келиндин жүрөгү капыстан токтоп калган деп түшүндүрүшкөн. Окуя боюнча экспертизалар дайындалып, териштирүү жүрө баштаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жалал-Абад: Төрөттөн каза болгон 31 жаштагы аялдын жакындары дарыгерлерге нааразы

Өзгөн: Төрөтканада каза болгон 37 жаштагы кош бойлуу аялдын өлүмү боюнча териштирүү башталды