Чолпон Жакупова: 24.kg’нин кеңсесин тинтүүдө мыйзамдар «одоно бузулган»

«Адилет» укуктук клиникасынын башчысы Чолпон Жакупова УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге ачык кайрылуу жасады. Анын айтымында, 15-январда 24.kg маалымат агенттигинин кеңсесин тинтүүдө 24.kg’нин кызматкерлеринин жана алардын адвокаттарынын укуктары бузулган.

Жакупованын айтымында, тинтүү учурунда кеңсеге адвокаттарды киирибей коюшкан, муну «адвокатттардын мыйзамдуу ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жаратуу» катары бааласа болот.

«Адвокат өзүн тааныштырып, жактоочу катары агенттиктин кызыкчылыгын коргоп жаткандыгын, тергөө амалдарына (тинтүү) катышуу үчүн кеңсеге кириши керектигин айткан. Ордерди да көрөткөн – тапшырманы. Беткапчан адам бир аз күтүп турууну суранып, эшикти бекитип алып, бир нече секундга жок болуп кеткен. Кайра келип, биздин уюмдун адвокатына тергөө амалдары башталып калганын, тергөөгө катышуу үчүн кеңсеге киргизишпей турганын айтып, эшикти кайра ачкыч менен бекитип алган», — деди Жакупова. 

Анын айтымында, адвокаттар маалымат агенттигинин кенсесине тинтүү аяктап калганда гана кире алышкан — арадан эки саат өтүп кеткенден кийин.

Саат 13:50 чамасында УКМК кызматкерлери компьютерлердин системдик блокторун, кайсыл бир документтерди чыгарып кете башташкан, ошондой эле 24.kgнин жетекчилигин УКМКнын борбордук аппаратына суракка алып кетишкен. Бирок Жакупованын айтымында, суракка үч адвокаттын бирөөсүн гана киргизишкен. 

«Жогоруда айтылгандардын негизинде, жогоруда көрсөтүлгөн иш-аракеттерди жүргүзүүдө сиздин кызматкерлер тарабынан эл аралык укуктун ченемдери одоно бузуулганына көңүлүңүздү бурабыз. Айрыкча, ар бир адамдын сот адилеттиги менен камсыз болуу укугун, анын ичинде адвокаттардын айрым мамлекеттик органдардын процессуалдык иш-аракеттерине катышуу укугун кепилдеген Адам укуктарынын жалпы декларациясы, ошондой эле Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакт бузулган. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарынын талаптары да одоно бузулган», — деди ал.

Жакупова Ташиевден тиешелүү текшерүү демилгелөөнү, ошондой эле «эл аралык укуктун ченемдерин жана улуттук мыйзамдарды одоно бузууга жол берген» УКМКнын айрым кызматкерлерин жоопко тартууну суранды.

15-январда УКМКнын кызматкерлери 24.kg маалыматтык агенттигинин Бишкектеги кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, техниканын баарын алып, кеңсенин өзүнө мөөр басып кетишкен. Ошондой эле агенттиктин жетекчилигин — 24.kg’нин башкы Асел Оторбаеваны, шеф-редакторлор Антон Лымарь жана Махинур Ниязованы атайын кызматтын сурагына алып кетишкен. 

Алар суракка чыгарылып баратканда Ниязова журналисттерге редакциянын кенсесиндеги тинтүү Украинадагы согуш тууралуу жарыяланган материалдардын бири боюнча козголгон кылмыш иши менен байланыштуу экенин айткан. Кийин УКМК тинтүү «Согушту пропагандалоо» беренеси боюнча кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөнүн билдирген.

24.kgнин шеф-редактору Махинур Ниязова жана башкы директору Асел Оторбаева 15-январда УКМКга суракка кетип жатат. «Азаттыктын» видеосунан скриншот. 

Кайсыл макала жөнүндө сөз болуп жатканы белгисиз. Бирок The Insider булагынын маалыматына таянсак, бул иш Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн катарында согушуп жаткан кыргызстандык Алмаз Кудабек уулу жөнүндө жазылган макалага байланыштуу козголгон. Басылманын жетекчилиги бул иште күбө катары өтүп жатат. 

17-январда Оторбаева менен Ниязова кайра УКМКнын сурагына чакырылганы белгилүү болду. Алар саат 11:30га чакырылган. 

Дагы окууңуз: 24.kg’деги тинтүү: Басылмага «Согушту пропагандалоо» беренеси менен кылмыш иши козголду