ЖК спикери Шакиев Кыргызстанда ЖМКга басым жок деп эсептейт

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин, ЖМКга басым-кысым болуп, кордолуп жатат дегендерге кошулбасын билдирди. Бул тууралуу саясатчы парламенттеги жыйын учурунда айтты

«Баардык нерсенин чеги болот, эң биринчи — жоопкерчилик болушу керек. Мунун баары кайсы бир сырттан каржыланган уюмдар, [алар] Кыргызстандын бүгүнкү стабилдүүлүгүнө, өсүп өнүгүп жаткан экономикалык көрүнүштөрүнө терс таасирин тийгизбей койбойт. Анткени, көптөгөн журналистикага жамынган блогерлердин ээн баштыгынан өлкөдө ар кандай пикирлер бар. Бизде сөз эркиндиги бар.[…] Мен мурдагы журналист катары менин дарегиме айтылган сындарга карабастан бирөөнү [журналистти] сотко берген жокмун. Бирөө менен да соттошкон жокмун. Мен сөз эркиндигин коргойм. Бирок жоопкерчиликсиз мамиле жазаланышы керек», — дейт Шакиев. 

Ошондой эле ал «ЖМК жөнүндөгү» жаңы мыйзамды кабыл алуу керектигин, себеби азыркы мыйзамга 30 жылдан ашканын, андан бери сайттар, интернет жана башка көптөгөн маалымат булактары пайда болгонун билдирди. 

Мындан тышкары, Шакиев депутат Дастан Бекешевдин Temirov live’дын ИИМдин башчысы Уланбек Ниязбековдун ишмердиги тууралуу даярдаган материалы боюнча комиссия түзүү сунушун колдогон жок. 

«Анан адамдар эле чыгып сүйлөп, айтып койсо эле анын артынан комиссия түзө берген туура эмес деп ойлойм. Депутаттар андай майда-чүйдөгө аралашпашы керек. Эгерде бир саясатчы же мамлекеттик кызматчы ошондой пикирлерди айтса, албетте, анда комиссия түзсөк болот», — деп сөзүн аяктады Шакиев.

16-январь күнү таң эрте милиция Temirov Live жана «Айт Айт Десе» долбоорлорунун азыркы жана мурдагы кызматкерлеринин үйүн тинтүүгө алган. Жалпы 11 журналист үйлөрү тинтүүгө алынып, кармалган, ошондой эле алардын смартфон жана ноутбуктарын алуу жүргүзүлгөн.

ИИМ кызматкерлери Temirov Live’дын кеңсесине да мөөр басып, ал жактан да техника жана документтерди алып кетишкен.

Temirov Live  «Айт Айт Десе» долбоорлорунун азыркы жана мурдагы бардык 11 кызматкери «массалык башаламакдыктарга чакырууга» шектелип жатат. Алар кармалып, 48 саатка убакытылуу кармоо изоляторуна киргизилген.

Күн мурун, 15-январда УКМКнын кызматкерлери 24.kg маалыматтык агенттигинин Бишкектеги кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, техниканын баарын алып, кеңсенин өзүнө мөөр басып кетишкен. Ошондой эле агенттиктин жетекчилигин да атайын кызматка суракка алып кетишкен. Мамкомитет тинтүү «Согушту пропагандалоо» беренеси боюнча кылмыш ишинин негизинде жүргүзүлгөнүн билдирген. 24.kg’нин жетекчилиги бул иште күбө катары өтүүдө.  

Бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары өлкө бийлигин журналисттерге карата кылмыш куугунтугун токтотууга чакырган. Документте ЖМКга карата кылмыш иштери Кыргызстанда соз эркиндигине карата күчөп жаткан кампаниянын контекстинде козголгону, балким, бул «көз карандысыз маалымат каражаттарынын арасында коркуу атмосферасын күчөтөрү» белгиленген.