Көлбаевдин акчасын адалдоо: УКМК мурдагы премьер Данияр Үсөновдун уулун издөөгө жарыялады

УКМК 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин Беларуска качкан мурдагы премьер-министр Данияр Усөновдун уулун издөөгө жарыялады. Атайын кызмат Үсөновдун уулу Мурат Үсөнов маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин акчасын адалдап иштеген деп эсептейт.

Үсөновго «кылмыштарды жасоо үчүн уюшкан топко катышуу» боюнча сыртынан айып тагылды.

УКМК Үсөнов Көлбаевдин кылмыштуу ишмердигин билип туруп, УКТ мүчөлөрү менен бизнес кылып, алардын ишмердүүлүгүн каржылаганын билдирди.

Тергөө экс-премьер министрдин уулу Бишкекте коомдук тамактануучу жайларды тейлеген «Майрам Групп» компаниясына ээлик кыларын, аталган компания тейлегендердин арасында «Асман», Social Coffee, Urban, Sushi Room, Red cow, Cakes/bubbles, My shisha, Aroma, «Тесто Место» ишканалары бар деп эсептейт. Тергөөчүлөрдүн версиясы боюнча, Үсөнов Ысык-Көл облусундагы, Алматы жана Бириккен Араб Эмираттарындагы айрым ресторандарды дагы башкарат. 

«М.У.Д. [Мурат Үсөнов] жана анын жакын туугандарынын мүлкүнөн түшкөн кирешенин реалдуу көлөмүн жашыруу максатында [бизнес-объектилер]  аффилирленген адамдарга катталган. Бир эле Чүй облусунун аймагында 180ден ашык жер тилкеси жана К. Асанбекке таандык делген “Каганат” эс алуу борборунда коттеждер аныкталган», — деп билдирди УКМК. 

Буга чейин ЖМК Мурат Үсөнов, Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, «кемпинг, анын ичинде автофургон жана авточиркегичтер үчүн автотурук берүү» кызматын көрсөткөн «Майрам Групп» компаниясынын жетекчиси болгонун жазган. Учурда, Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, компания Эркинбек Шеркуловго катталган.

Даниил Урицкий болуп алган Данияр Үсөнов

Мурат Үсөнов — учурда Даниил Урицкий деген ысымды алып Беларуста жашап жаткан Кыргызстандын экс-премьер министри Данияр Үсөновдун уулу. Ал жакта Данияр Үсөнов БНБК деген агрокорпорацияны жетектейт. 

Урицкий-Үсөнов өзү качып кеткенден кийин ЖМКны чыныгы Данияр Үсөновду тааныбай турганын, бирок Кыргызстандын качкын премьер министри 2017-жылы Малайзияда каза болгонун билерин айтып ишендирүүгө аракет кылган. Бирок ошол эле кезде, 2022-жылы Кыргызстандын качкын экинчи президенти Курманбек Бакиев Үсөнов «өткөндү унутуш үчүн» аты-жөнүн өзгөрткөнүн айтып ачыктаган.   

Үсөнов Курманбек Бакиевдин башкаруусу учурунда 2009-2010-жылдары Кыргызстандын премьер-министрлик кызматын аркалаган. 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин Үсөнов качып кеткен. Кыргызстанда сырттан өмүр бою эркинен ажыратылган.

Дагы окууңуз: 

Данияр Үсөнөв Белоруста дагы бир завод ачат. Корпорацияда кандай мандем бар?