Ош: «Царский двор» кафесинин ээси даракты кыюуга аймактык башкармалык уруксат бергенин айтты

Ош шаарындагы «Царский двор» кафесинин жетекчиси Бермет Алымова көп жылдык даракты кыюуга Сулайман-Тоо аймактык башкармалыгы уруксат бергенин «Т-Медиага» билдирди. Ал эми аймактык башкармалык аталган иш тууралуу комментарий берүүдөн баш тартууда.

Кафенин ээси аймактык башкармалык «уруксат бергенине карабастан» коомчулукта бир тараптуу маалымат тарап кеткенине нааразы болду. Ошондой эле ал, келтирилген чыгымды Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматына толугу менен төлөп бергенин айтты.

«Коомчулукта бир эле тарап болуп жатат. Бир блогер келип чыгарып койду, ошондон кийин ырбап кетти. Бул жерде коом уга элек дагы башка жагдайлар бар. Учурда мэрияга кыйылган дарактын ордуна башка бак отургузганы жер бөлүп берүүнү суранып жатам», — деп билдирди Алымова.

«Клооптун» журналисттери Сулайман-Тоо аймактык башкармалыгына байланышууга аракет кылып, бирок андан майнап чыккан жок. Ал эми Ош шаардык мэриясынан окуя боюнча териштирүү уланып жатканын, анын жыйынтыгы менен маалымат берилерин айтышты.

Буга чейин, 9-январда Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы «Царский двор» кафесисин үч күндүн ичинде бузуу тууралуу эскертүү берген

Азырынча кафе эмне үчүн бузулбай турганы белгисиз. Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын орун басары Максатбек Орозалиев Экотехкөзөмөл кызматынын иликтөөсүнүн жыйынтыгы чыккандан кийин чара көрүлөрүн кошумчалады.

Ош шаарынын Ленин көчөсүндөгү муниципалдык жерде жайгашкан «Царский двор» кафеси даракты уруксатыз кыйганы үчүн 9-январда ишмердүүлүгүн токтоткон. Көп жылдык «бака теректин» кыйылышы соцтармакта талкууга жем таштаган.

Окуядан кийин Сулайман-Тоо аймактык башкармалыгынын башчысы кафеге 15 даракты «бутоого гана уруксат берилгенин, ал эми кафе дарактын 2 метрден өйдөсүн мыйзамсыз кесип таштаганын» билдирген. Мекемеге «өсүмдүктөр дүйнөсүнө зыян келтиргенине байланыштуу» 37 миң 639 сом 32 тыйын доо коюлуп, тиешелүү чараларды көрүү үчүн иштин материалдары Ош ШИИБине жөнөтүлгөн.

ТЕМА БОЮНЧА: 

Ош: Даракты уруксатсыз кыйган «Царский двор» кафеси бузулат