Окуучуну сабаган «Сапат» лицейинин мугалими жана тарбия завучу иштен бошотулду

Окуучуну сабаган Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы эл аралык «Сапат» билим берүү мекемесинин мугалими жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары иштен бошотулду. Бул тууралуу 25-январда Билим берүү министрлигинен билдиришти.

24-январда Исхак Раззаков атындагы эл аралык «Сапат» билим берүү мекемесинин мугалими окуучуну сабаган видео тарады. Анда мекеменин мугалими жатакананын коридорунда окуучуну бир нече жолу бетке чаап, токмоктогонун көрүүгө болот. Алдын ала маалыматка ылайык, окуучуну сабаган мугалим Түркмөнстандын 35 жаштагы жараны. 

Билим берүү министрлиги окуяга байланыштуу балдардын укуктарын коргоо боюнча комиссия түзүлүп, жеринде анализ жүргүзүү үчүн даярдыктар жүрүп жатканын маалымдады. 

Ошондой эле окуя Кызыл-Кыя ШИИБдин электрондук журналына катталып, териштирүү иштери башталганын билдиришти. Анын жыйынтыгы менен кошумча маалымат берүүнү убадалашты.

Ал эми эл аралык «Сапат» билим берүү борборунун жетекчилиги 25-январда окуучуну ур-токмокко алган мугалимге чара көрүлгөнүн билдирип, окуучулардан жана алардын ата-энелеринен кечирим сураган билдирүү таратты.

«“Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин жетекчилиги балага кол көтөргөн педагогдун туура эмес аракеттеринен жабыр тарткан окуучулар менен алардын ата-энесинен чын дилинен кечирим сурайт. Өз кезегинде жетекчилик Кызыл-Кыя шаарындагы И.Раззаков атындагы лицейдин администрациясы менен педагогуна тиешелүү чараларды көрдү, ошол эле учурда окуучулардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргойт», — деп айтылат билдирүүдө.

Аны менен катар, аталган лицейдин директорунун жоопкерчилиги Башкы дирекциянын педагогикалык кеңешинин чукул жыйынында караларын кошумчалашты.

Буга чейин, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Ак-Коргон айылындагы №40 Чыңгыз Айтматов атындагы мектепте окуучуларды колго ийне менен сайгылаган мугалим иштен алынган. Ага чейин Сузак районунда 7-класстын окуучусун сабаган мугалим Мээримгүл Эргешбаева өз калоосу менен жумуштан кеткен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ала-Бука: Окуучуларды колго ийне менен сайгылаган мугалим иштен алынды

Башкы прокурор: 2022-жылы балдарга карата зомбулук боюнча 438 кылмыш иши козголду

Садыр Жапаров балдарга карата зомбулук үчүн жазаны күчөтүү боюнча мыйзамга кол койду