«Клооптун» айланасындагы соттук териштирүүлөр: ТИМ расмий катка жооп берүүдөн баш тартты  

Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) «Клооптун» кыргызстандыктарга берилген визалар жөнүндөгү пландалган материалына байланышкан расмий сурам катына жооп берүүдөн баш тартты. 

Министрликтен билдиришкендей, алар «фонддун айланасындагы соттук териштирүүлөр жүрүп жаткан учурда жооп бере албайт», болбосо ТИМдин өкүлүнүн айтымында, бул суроого жооп даярдалган.

«Качан баары калыбына келгенде гана кайрадан толугу менен кызматташып баштайбыз», — деп кошумчалашты ТИМден. 

Буга чейин Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков «Клооптун» кабарчысына комментарий берүүдөн баш тарткан. Ал суроого «соттук териштирүүлөр бүткөндөн кийин» гана жооп берерин билдирген.

Ошондой эле «Клооптун» журналисттерин президент катышкан иш чараларга да аккедитация кылбай келишет. 2023-жылдын декабрында  Бишкекте өткөн экинчи Элдик курултайга аккредитация берүүдөн баш тартышкан. Анда президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов муну Маданият министрлигинин басылманы бөгөттөө боюнча чечими жана соттук териштирүүлөр менен байланыштырган.

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» мыйзамдын 3-беренесинде «Ар кимге мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагындагы маалыматтарга жетүү укугу кепилденет».

Ошол эле мыйзамда суроо-талап боюнча маалымат берүүдөн баш тартуунун негиздери да жазылган. 

  • суратылган маалыматтар алууга чек коюлган маалыматтардын категориясына киргизилген документтердин бөлүктөрүндө камтылса;
  • суроо-талап ушул мыйзамдын талаптарын бузуу менен түзүлсө
  • бир эле маселе боюнча ошол адамдын суроо-талабы борбордук органдын же анын ведомстволук бөлүмүнүн кароосунда турса;
  • мыйзамдын талаптарына ылайык, тийиштүү органдын карамагында алардын болушу милдеттүү болбогон учурларда.