«Силер жабыксыңар да». Дайырбек Орунбеков «Клоопко» комментарий берүүдөн баш тартты 

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков «Клооптун» кабарчысына комментарий берүүдөн баш тартты. 

«“Клооп” жок да. Силер расмий жабылгансыңар да», — деп түшүндүрдү ал.

Журналисттин «Клооп» иштеп жатат, сот териштирүүлөрү бүтө элек деген жүйөөсүнө Орунбеков мындай деди: «Ошол соттук териштүрүүлөрү бүтсүн, ошондо анан суроолоруңарга жооп берем. Бул менен жеке позициям».

Буга чейин «Клоопко» 15-16-декабрда Бишкекте өткөн Элдик курултайга аккредитация берүүдөн баш тартышкан. Анда президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов муну Маданият министрлигинин басылманы бөгөттөө боюнча чечими жана соттук териштирүүлөр менен байланыштырган.

Ал журналисттерге Маданият министрлиги менен болгон «маселе чечилмейинче» «Клооптун» журналисттерине президент катышкан иш-чараларга аккредитация берилбейт деп билдирген. 

«“Азаттык" менен да ушундай болгон — алардын соттук териштирүүлөрү жүрүп жатканда биз аккредитациядан өткөргөн эмеспиз», — деп кошумчалаган Алагөзов.

Прокуратуранын доосу жана сайттардын бөгөттөлүшү 

«Клооптун» сайтын бөгөттөө чечими 2023-жылдын 12-сентябрда күчүнө кирген, ал эми кыргыз тилинде — өткөн жылдын ноябрдын башынан бери. «Клооптун» сайтын бөгөттөөгө  «Саясатчы Равшан Жээнбеков абакта кыйноого кабылганын кабарлады»деген материалы негиз болгон. Макаланын үстүнөн Маданият министрлигине УКМК арызданып кайрылган. Атайын кызмат материал «чындыкка коошпойт жана УКМКнын аброюна шек келтирет» деп эсептейт.

Ошол эле маалда Жээнбеков тууралуу жаңылыкта саясатчынын кыйноого кабылганы жөнүндөгү билдирүүсүн четке каккан ЖАКтын дагы позициясы көрсөтүлгөн.

Сайтты бөгөттөө менен катар «Клоопту» юридикалык жакты жабуу коркунучу тооруп турат. 2023-жылдын 28-августтунда Бишкек шаардык прокуратурасы борбор калаанын Октябрь жана Биринчи май райондук сотторуна «Клооп Медиа» коомдук фондун жоюу жөнүндөгү доо арызын бергени маалым болгон. Документте доонун себеби катары басылма «көрсөтүлгөн уставдын алкагынан тыш ишмердүүлүк жүргүзүп жатканы» айтылган. Өткөн жылдын 12-декабрында Бишкектин Октябрь райондук соту ​​сайтка жарыяланган 10 макалага кайрадан экспертиза дайындалганына байланыштуу өндүрүш токтотулган.

Бирок, «Медиа полиси институтунун» юристтери менен Кыргызстандын медиакоомчулугу шаардык прокуратуранын доо арызынын «күчү жок» деп эсептейт. Алар бир катар эл аралык уюмдардын катарында эле республиканын бийлигине кайрылып « “Клоопко” карата куугунттукту токтотуп» жана доо арызды чакыртып алууга үндөгөн билдирүү менен чыгышкан.

«Клооптун» сайттары бөгөттөлгөнүнө карабастан басылманы сайттын күзгү версиялары менен социалдык түйүндөрүнөн окуй аласыз. 

Кыргыз тилинде: 

Сайттын күзгү версиясы —  https://storage.googleapis.com/qurium/ky.kloop.asia/index.html

Facebook —  https://www.facebook.com/KloopKyrgyz/

Instagram —  https://instagram.com/kloopkyrgyz

YouTube —  https://www.youtube.com/channel/UCCZa43syqWs7EqllazNPq7A

TikTok —  https://www.tiktok.com/@kloopkyrgyz

Телеграм-канал —  https://t.me/kloopkyrgyz

Орус тилинде: 

Сайттын күзгү версиясы —  https://storage.googleapis.com/qurium/kloop.kg/index.html

Facebook —  http://facebook.com/kloop.kg

Instagram —  http://instagram.com/kloopnews

X (Твиттер) —  http://twitter.com/kloopnews

YouTube —  http://youtube.com/klooplive

TikTok — https://www.tiktok.com/@kloopnews

Башкы телеграм-канал —  https://t.me/kloopnews

Маанилүү макалалар жана чукул жаңылыктар үчүн телеграм-канал — 

https://t.me/breakingkloop