Жооптуу кызматкерлер өрттөгөн Сузак айыл өкмөтүнүн имараты калыбына келтирилди

Жалал-Абад облусундагы Сузак айыл өкмөтүнүн өрттөнүп кеткен имараты калыбына келтирилип, кылмышты жасагандар аныкталды. Бул тууралуу 29-январда УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2021-жылы 10-октябрда күйүп кеткен имарат айыл өкмөттүн жана айылдык кеңештин жооптуу кызматкерлери тарабынан акча каражатын уурдоо жана бир катар мыйзам бузууларды ырастаган документтерди жок кылуу үчүн өрттөшкөнү аныкталды.

Ишти тергөө кечеңдегенине байланыштуу кылмышка айыпталуучулар аныкталбай келген. Окуяны иликтөө максатында былтыр августта иш УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгына өткөрүлгөн. Иликтөөнүн натыйжасында, имаратты өрттөөгө шектүүлөрдүн күнөөсү далилденип, камакка алынды.

«Тергөө иштеринин жыйынтыгы менен, Сузак айыл өкмөтүнүн административдик имаратына келтирилген 6 млн сом өлчөмүндөгү зыян айыпталуучулар тарабынан толугу менен толтурулуп, айыл өкмөт имаратын оңдоого жумшалды», — деп айтылат билдирүүдө. 

Оңдоп-түзөөдөн өткөн имарат 27-январда ишин жандантты. Анын ачылыш иш-чарасына УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Сузак районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана активдери катышты.

2021-жылы чыккан Сузак айыл өкмөтүнүн имаратындагы өрт көмүр сактоочу жайда башталып, кийин катарлаш жайгашкан айыл өкмөтүнүн имаратына өткөнүн билдиришкен. Көп өтпөй жергиликтүү тургундар имаратты калыбына келтирүү үчүн өз демилгелери менен акча каражат чогулта башташкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Видео: Сузакта көмүрканада өрт чыгып, айыл өкмөттүн имараты күйүп кетти

Сузак: Айыл өкмөттүн өрттөнгөн имаратын оңдоо үчүн тургундар каражат чогултууда