24.kg’нин жетекчилиги Ташиевге кайрылып, журналисттерди кеңсеге киргизүүнү өтүндү

24.kg басылмасынын башкы директору Асел Оторбаева редакциянын айланасында болуп жаткан кырдаалдан улам УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасады. Кайрылуу басылманын сайтына жарыяланды.

Оторбаева Ташиевден журналисттердин кеңсеге кирүүсүнө уруксат берүүнү, ошондой эле «кесипкөй журналисттерди маанилүү, так, ыкчам маалыматтарды жайылтуу ишмердиги менен камсыздоо үчүн» мөөр менен штамптарды кайтарып берүү маселесин карап чыгууну өтүндү.  

24.kg басылмасынын имараты тинтүүдөн кийин мөөр басылып жабылган. Сүрөт: «Азаттык».

24.kg’нин башкы директору учурда басылманын кызматкерлери аралыктан иштөөгө аргасыз болуп жатканын, бирок айрымдарынын үйдөн толук кандуу иштөөгө жок экенин айтты. 

«Кеңсенин мөөр басылып жабылышы журналисттердин өз милдетин жумуш орундарынан башка жерде толук кандуу аткаруусуна чоң таасирин тийгизип жатат. […] Редакцияны имаратка киргизбей коюу кызматкерлердин салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча милдеттенмелерин аткарбай калуусуна коркунуч жаратат», — деп жазды ал. 

Ошондой эле Оторбаева тинтүү учурунда УКМК кызматкерлери тергөөгө керектүү буюмдардын баарын алып кетишкенин белгиледи. Ошондуктан, ал имаратты бекитип, мөөрдү алып коюу менен журналисттердин кесипкөйкөй ишмердүүлүгүнө тыюу салуунун зарылчылыгы жок деп эсептейт.  

«Ал эми талаштуу макалага келсек, ал боюнча бир дагы жагымсыз натыйжа же коомдун резонанс жана материалдык чыгым болгон эмес», — деди ал.

Оторбаева 24.kg’нин кесипкөй ишмердүүлүгүнө эч кандай чектөө жок экенин баса белгиледи. Бирок азыр «редакциянын иши үзгүлтүккө учурап калуу коркунучунда турат».

«Кардарларыбыз кол коюлган келишимдерге ылайык өз милдетимди аткара албай жатканыма кабатыр болуп жатышат. Бир катар жарнама берүүчүлөр биз менен түзүлгөн коммерциялык келишимди токтотууга аргасыз экенин кабарлашты. Кардарлардын мындай чечимге келүүсүнө УКМК иликтеп жаткан кылмыш ишининин алкагындагы тинтүү жана сурактар түрткү болду деп эсептейм. Бейформал жолугушууларда алар коркуп жатышканын айтууда. Агенттик толук кандуу иштей албай жатат, кызматкерлер үй-бүлөлөрүн камсыздай албай жумушсуз калышат», — деп эскертти Оторбаева. 

15-январда УКМКнын кызматкерлери 24.kg маалыматтык агенттигинин Бишкектеги кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, техниканын баарын алып, кеңсенин өзүнө мөөр басып кетишкен. Ошондой эле агенттиктин жетекчилигин — 24.kg’нин башкы Асел Оторбаеваны, шеф-редакторлор Антон Лымарь жана Махинур Ниязованы атайын кызматтын сурагына алып кетишкен. 

Алар суракка чыгарылып баратканда Ниязова журналисттерге редакциянын кенсесиндеги тинтүү Украинадагы согуш тууралуу жарыяланган материалдардын бири боюнча козголгон кылмыш иши менен байланыштуу экенин айткан. Кийин УКМК тинтүү «Согушту пропагандалоо» беренеси боюнча кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөнүн билдирген.

Кайсыл макала жөнүндө сөз болуп жатканы белгисиз. Бирок The Insider булагынын маалыматына таянсак, бул иш Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн катарында согушуп жаткан кыргызстандык Алмаз Кудабек уулу жөнүндө жазылган макалага байланыштуу козголгон. Басылманын жетекчилиги бул иште күбө катары өтүп жатат.