Аскер кызматкери армиядагы зомбулук тууралуу айтып чыкты. УКМК текшерүү ишин баштады

Каракол шаарындагы №2028 аскер бөлүгүнүн кызматкери, кенже сержант Жылдыз Асанакунова армиядагы зомбулук тууралуу айтып чыкты. Ал 6-февралда президентке кайрылуу жасап, армиядагы шарттар жана азык-түлүктүн сапатына да токтолду.

Асанканова жоокерлерге жасалган зомбулук тууралуу буга чейин аскер бөлүгүнүн командирине, жогорку кызматтагыларга да кайрылганын, бирок андан майнап чыкпай, тескерисинче басымга дуушар болгонун белгиледи. 

«Бул аскер бөлүгүндө мыйзамсыз иштер болуп келатат. Жоокерлерге зордук-зомбулук көрсөтүлүп, алардын колу-буту сынып, көзү кыйшайып калган окуялар бар. Ачык жана жабык сыныктар бар. Жаап-жашыруу болуп, аны ачык айтып чыккан мени аскер бөлүктүн командири оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, жеке жашоомо чейин кийлигишүү болууда», — деди ал.  

Кенже сержант жоокерлерге деп алып келинген азык-түлүктүн сапаты начар экенин, кээде өлгөн малдын эти келерин белгиледи. Ошондой эле ал айтып жаткандары боюнча бардык далилдер бар экенин кошумчалады.

Ал эми УКМКнын Чек ара кызматы бул боюнча буга чейин тиешелүү органдар иликтөө жүргүзүп, мыйзам бузуулар аныкталбаганын билдирди.

«Аскер кызматчылары үчүн даярдалган тамак-аштын сапаты күнүгө көзөмөлгө алынат. Иликтөө учурунда мөөнөттүү кызмат өтөп жаткан аскерлер менен маектешүү жүрүп, денелери каралып, анонимдүү сурамжылоо жүргүзүлүп, жыйынтыгында уставга туура келбеген мамилелер жана аскерлердин алган жаракатын жашырган фактылар аныкталган эмес», — деп айтылат билдирүүдө.  

Ошондой эле Асанканова 3-февралда объективдүү иликтөө жүргүзүү үчүн Чек ара кызматынын жетекчилигине маектешүүгө чакырылганы айтылды. Анын билдирүүсү боюнча УКМК менен Аскер прокуратурасы кайрадан текшерүү ишин баштады.

Өлкөдө аскердик мөөнөтүн өтөп же келишимдин негизинде иштеп жаткан аскерлер сабалып же каза болгон учурлар катталып турат. Өткөн жылы эле андай 6-7 учур болгон

Былтыр Акыйкатчы институнун демилгеси менен аскер кызматын өтөөдө адам укуктарынын сакталышы боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн.  Аталган топ акыркы 5 жылда катталган жоокерлердин өлүмү, сабалышы боюнча фактыларды чогултуп, талдоо жүргүзөрү айтылган.

Автору: Нарпаяз Абытов

ТЕМА БОЮНЧА:

Улуттук гвардияда жети жоокер сабалды. Териштирүү башталды