Ош: Каза болгон жоокердин өлүмүн Аскер прокуратурасы иликтей баштады

Иллюстративдик сүрөт

Ош шаарында Коргоо министрлигинин №36806 аскер бөлүгүндө иштеген жоокер каза болуп, Аскер прокуратурасы текшерүү ишин баштады. Бул тууралуу 27-апрелде «Клоопко» Башкы прокуратурадан билдиришти.

«Турмуш» басылмасынын алдын ала маалыматына ылайык, маркум аскерлер арасында өтүүчү спартакиадага катышуу үчүн машыгып, 3 чакырым аралыкка чуркап келген соң каза болгон.

Прокуртурадан жоокер буга чейин аскердик кызматын өтөп бүтүп, келишимдин негизинде иштеп келгенин кошумчалашты. Азыркы тапта аскердин өлүмүнүн себеби такталууда.

Каза болгон жана сабалган аскерлер

Өткөн жылы аскердик мөөнөтүн өтөп же келишимдин негизинде иштеп жаткан аскерлер сабалган же каза болгон учурлар бир нече жолу катталган. Июлда Кой-Таш айылындагы аскер бөлүгүнүн бир жоокери октон каза болгон. Коргоо министрлиги жоокер курал колдонуудагы байкабастыктын натыйжасында кокустуктан ок чыгарып алганын айткан.

Ошол эле айда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде мөөнөттүк негизде кызмат өтөп жаткан жоокер Бекзат Эсенбеков катуу сабалып, ооруканага түшкөн. Жоокердин апасы уулу аскер бөлүгүндө акчанын айынан сабалганын билдирген.

Биринчи май райондук соту 8-августта Эсенбековдун катуу сабалышы боюнча кылмыш ишин токтоткон. Соттун маалыматына караганда, тараптар элдешкен.

Ошол эле жылдын 17-августунда Ош шаарындагы Ички иштер министрлигинин 703-аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн аскер каза болгон. Окуя болгон күнү эртең менен текшерип-өткөрмө пунктунда турган аскер «жыгылып түшүп», ошол бойдон турбай калганы айтылган.

Соттук-медициналык экспертизанын башчысы Кылычбек Насиров маркумдун денесинде зомбулуктун белгилери болбогонун, жоокер жүрөк оорудан каза тапканын маалымдаган.

Ал эми 18-августта Бишкектеги Аскердик институтта окуу процессин камсыздоо батальонунун 19 жаштагы жоокери «өзүн атып» каза болгону кабарланган. Аскер прокуратурасы бул иш боюнча текшерүү иштерин баштаган.

5-октябрда болсо «Илбирс» спецназынын прапорщиги өзүн көкүрөк тушка атып алганы белгилүү болгон. Жарадар болгон кызматкер ооруканага жеткирилип, абалы канааттандырарлык экени айтылган.

Аталган окуяны Баткен гарнизонунун Аскер прокуратурасы териштирип, анын жыйынтыгына ылайык юридикалык баа берилери белгиленген.

Кийинчерээк акыйкатчы Атыр Абдрахматованын демилгеси менен аскер кызматын өтөөдө адам укуктарынын сакталышы боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн.

Жумушчу топ акыркы 5 жыл ичинде катталган жоокерлердин өлүмү, өз жанын кыюу, сабалышы боюнча фактыларды чогултуп, талдоо жүргүзөрү айтылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Аскердик институттагы жоокердин өлүмүнө байланыштуу кароол жетекчиси кармалды

Аскер кызматын өтөөдө адам укуктарынын сакталышы боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү