УКМК: Аскер кызматкеринин армиядагы зомбулук тууралуу айткандары тастыкталган жок

УКМК Каракол шаарындагы №2028 аскер бөлүгүндөгү зомбулук тууралуу маалымат тастыкталбаганын билдирди. Атайын кызмат кенже сержант Жылдыз Асанакунованын кайрылуусунан кийин кайрадан текшерүү жүргүзгөн.

Маалыматка ылайык, мыйзам бузуу Аскер прокуратурасы менен биргеликте жүргүзүлгөн алгачкы текшерүүдө да аныкталган эмес. Ал эми кошумча текшерүүгө прокуратурадан тышкары Жоокерлердин энелери комитетинин башчысы катышкан.

«Документтер изилденип, кызыкдар тараптар менен маектешүү жүргүзүлдү. Тиешелүү жайлар текшерилип, аскер кызматкерлеринин кызмат өтөөсү, жашоо жана эс алуу шарттары, ошондой эле тамак-ашты сактоо, даярдоо жайлары текшерилди. Анын жыйынтыгында аскер кызматкери Асанакунованын маалыматы тастыкталган жок», — дешти атайын кызматтан.

Ал арада президент Садыр Жапаров Асанакунованын кайрылуу жасаганына токтолуп, өлкөдө «сөз эркиндиги, адам укугу жок болсо, түздөн-түз кайрылуу жасап чыкпайт эле» деп белгиледи. Ал өлкөдө «сөз эркиндиги болуп келген жана боло берет» деп ишендирди.

Асанакунова армиядагы зомбулук тууралуу 6-февралда соцтүйүн аркылуу айтып чыккан. Ошондой эле ал армиядагы шарттар жана азык-түлүктүн сапатына токтолгон.

Өлкөдө аскердик мөөнөтүн өтөп же келишимдин негизинде иштеп жаткан аскерлер сабалып же каза болгон учурлар катталып турат. Өткөн жылы эле андай 6-7 учур болгон

Былтыр Акыйкатчы институнун демилгеси менен аскер кызматын өтөөдө адам укуктарынын сакталышы боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн.  Аталган топ акыркы 5 жылда катталган жоокерлердин өлүмү, сабалышы боюнча фактыларды чогултуп, талдоо жүргүзөрү айтылган.

Автору: Нарпаяз Абытов

ТЕМА БОЮНЧА:

Аскер кызматкери армиядагы зомбулук тууралуу айтып чыкты