Аскат Алагөзов президенттин атын жамынып жалган маалымат тараткандарга ишенбөөгө чакырды

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов өлкө башчынын атын жамынып, соцтүйүндө жалган билдирүү тараткандар бар экенин билдирди. Алагөзов 9-февралда элди андай шылуундарга ишенбөөгө чакырды.

«Соцтүйүндө белгисиз шылуундар президенттин видеосун колдонуп, үнүн жасалмалап, кандайдыр бир коммерциялык долбоорлорго катышууга чакырган видеолор таратылып жатканын кабарлайбыз. “Аз акча салып, кыска убакытта байып кетсен болот" деген өңдүү күмөндүү билдирүүлөр жалган маалымат экенин белгилейбиз», — деп эскертти ал.

Ошондой эле Алагөзов шектүү билдирүүлөрдүн курмандыгы болуп калбаш үчүн маалыматты расмий булактардан тактоонду өтүндү.

Буга чейин соцтүйүнгө биринчи айым Айгүл Жапарованын атынан «акча таратылып жатканы» тууралуу билдирүүлөр жарыяланган. Анда Президенттин басма сөз кызматы маалыматты төгүндөп, элди ага ишенбөөгө чакырган.

Автору: Нурпаяз Абытов.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бекешев: Маалымат жалган же чын экенин сот гана аныкташы керек