Токтогулда 27 жаштагы аял сарайда асынган абалда табылды

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 27 жаштагы аял сарайда асынган абалда табылды. Бул тууралуу «Клоопко» 9-февралда Жалал-Абад ОИИБден билдиришти. 

Милиция «аял 6-февралда саат 20:30 чамасында белгисиз себептерден улам өзү жашаган үйдөгү сарайдын ичиндеги жыгач устунга жипке муунуп каза болгон» деп маалымат берди.

Окуя Токтогул РИИБде каттоого алынып, текшерүү иштери башталган. 

«Маркумдун өлүмүнүн себептерин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалып, бирок жакын туугандары сөөктү экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышты. Акт түзүлдү», — деп айтылат маалыматта. 

Аялдын артында бир баласы калды. 

Учурда иштин чоо-чайын аныктоо үчүн тергөө жүргүзүлүүдө.

2022-жылы Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда 29 жаштагы аял үйүнөн асынган абалда табылган. Маркумдун жакындары буга кайын энеси күнөөлүү экенин билдиришкен. 

2023-жылы Базар-Коргон райондук соту маркумдун кайын энесин «Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү» беренеси менен күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыраткан. Бирок жазаны жеңилдетип, үч жылдык пробациялык көзөмөлгө алмаштырган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жалал-Абадда 28 жаштагы аял жоолукка асынып каза болду. Анын өлүмү териштирилүүдө

Кочкордо 43 жаштагы киши жубайын бычактап, андан соң өзү асынып алды