Жалал-Абадда 28 жаштагы аял жоолукка асынып каза болду. Анын өлүмү териштирилүүдө

Жалал-Абад шаары. Сүрөт: Руслан Калматов

Жалал-Абад шаарында Спутник кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен 28 жаштагы аял асынган абалда табылды. Милиция маркумдун өлүмүнүн чоо-жайын териштип баштады.

Жалал-Абад ОИИБиден «Клоопко» билдиришкендей, маркум 26-сентябрда өзү жашаган үйдөгү газдын түтүгүнө жоолук байлап асынып алган.

Аталган факт КЖБРге «Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү» беренеси менен катталып, соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

«Турмуш» басылмасы өздүк булактарына таянып, маркум Жалал-Абад шаарындагы мектептердин биринде мугалим болгон деп жазды. Ошондой эле, ал буга чейин «Барпы» театрында эмгектенгенин кабарлашты.

Үстүбүздөгү жылдын 8-февралында Алай районунун Гүлчө айылында 25 жаштагы аял өз үйүндө асынып алган. Маркум мектепте математика мугалими болуп иштеген. Ал эми жолдошу милиция кызматкери болгон. Алдын ала маалымат боюнча маркум окуядан 2-3 күн мурун кесиптештерине балалуу боло албай жүргөнүн айтып кейиген.

Ал эми маркумдун апасы «кызым өзүн-өзү асып албайт эле, териштирип бергиле» деп милицияга арыз жазган. Апасынын айтымында, окуя болгон күнү маркумдун жолдошу үйүндө болгон эмес, иш сапары менен Чоң-Алайга кеткен. Ал «телефондо жаман сөздөр айтылып, кызы менен күйөө баласынын ортосунда чыр чыккан болушу мүмкүн» деп божомолдогон.

Дагы окуңуз:

Алайда 25 жаштагы аял асынып алды. Маркумдун апасы милицияга арыз жазды

Сузакта беш балалуу аял асынган абалда табылды. Маркумдун ата-энеси милицияга арыз жазды

Ош ОИИБи: Төрт баланын энеси жоолукка асынып каза болду, себеби териштирилет