ИИМ журналист Али Эргешев «бейбаштыкка» шектелип кармалганын билдирди

13-февралда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы «Клоопко» эркин журналист, «Эл билсин» долбоорунун автору Али Эргешев кармалганын тастыктады.

Маалыматка ылайык, ал 2023-жылдын майында катталган бейбаштык окуясы боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында колго түшкөн. Ал эми Жалал-Абад шаардык сотунун токтомуна ылайык камакка алынган.

ИИМден Эргешевге карата «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш иш козголуп, буга чейин издөөдө жүргөнүн белгилешти. Аны милиция кызматкерлери эл аралык «Манас» аэропортундагы адамды жүзүнөн тааныган видеобайкоонун жардамы менен кармаганын кошумчалашты.

Буга чейин Али Эргешев инстаграм барагына сүрөт, видео жарыялап, аны күч кызматкерлери кармаганын айткан. Ал бул жагдай журналисттик ишмердүүлүгүнө байланыштуу экенин жана мыйзам бузбаганын белгилеген. 

«Күч органдары “издөөдө экенсиңер” дешти. Таң калычтуу, буга чейин эч ким андай кабар берген эмес. Кармоо жөнүндө айтышты. Баш коргоо чарасы “камакка алуу” дешти. Бул журналисттик иштердүүлүгүбүз менен түздөн-түз байланыштуу. Эч кандай мыйзам бузган эмеспиз, мыйзамга туура келбеген иштерди гана көргөзүп бергенбиз», — деген ал.

Али Эргешев — Ютубдагы «Эл билсин» долбоордунун автору. Ал өлкөдөгү тамактануучу жайлардын санитардык абалы, мамлекеттик мекемелердин элге көрсөткөн кызматынын сапаты тууралуу видеолорду жарыялап келет. Аталган каналдын 127 миңден ашык катталуучусу бар.