Ош: Баңгизат саткан кылмыштуу топ кармалып, 6 килограммдан ашык гашиш алынды

Ош шаарынын аймагындагы наркотикалык заттарды сатып жүргөн кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Алардан жалпы 6 килограмм 44 грамм баңгизаты алынды. Бул тууралуу «Клоопко» 13-февралда Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, өткөн жылдын декабрь айынан бери Ош шаарынын аймактарынан наркотикалык гашиш затын пайдаланган бир нече тургун кармалган. Алар өз көрсөтмөлөрүндө гашиш затын шаардагы аты-жөнү толук белгисиз тургундан аларын айтышкан.  

Бул факт боюнча «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо» беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. 

Тергөө учурунда 28 жаштагы шектүүнүн аты-жөнү аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ошондой эле аны менен бирге наркотикалык заттарын сатууга шектелип эки тургун кармалды. Алардын жанынан сатууга даярдалган аз салмактагы түрдүү наркотикалык заттар алынды.

Мындан сырткары 5-февралда милицияга Ош шаарында наркотикалык зат таратып жүргөн тургун тууралуу маалымат түшкөн. Кылмышка шектүү 29 жаштагы Ноокат районунун тургуну экени аныкталып, анын убактылуу жашаган үйүн тинтүү учурунда 5 килограмм 906 грамм гашиш баңгизаты табылды.

Учурда кылмышка тиешеси барларды аныктоо максатында териштирүү иштери уланып жатат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Базар-Коргондо баңгизат сатууга шектелип эки тургун кармалды

Ош: Мектеп мугалими баңгизат сатууга шектелип кармалды