Ысык-Көлдүн Кош-Көл айылында 20дан ашык гектар жер гольф-курортун куруу үчүн трансформацияланат

Министрлер кабинети Ысык-Көл облусунун Кош-Көл айылындагы жерлерди гольф-курортун куруу үчүн трансформациялоо жөнүндө токтом кабыл алды. Тиешелүү токтомго 27-январда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Документтин өзү «Эркин-Тоо» гезитине 2-февралда жарыяланган

Токтомго ылайык, Балыкчы токой чарбасынын 23,5 га жери гольф-курортун куруу үчүн «Токой фондусунун жерлери» категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер» категориясына которулат (транформацияланат). Мындай чечим туризм тармагына инвестицияларды тартуу максатында кабыл алынганы айтылат. 

Жерлер Ысык-Көл облусунун Тамчы айыл аймагындагы Кош-Көл айылынын түштүк бөлүгүндө жайгашкан. Документ расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөй кийин күчүнө кирет. 

Минкаб Ысык-Көл райондук администрациясына шаар куруу документтерин иштеп чыгуу жана бекитүүнү, токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу наркынын суммасын төлөп берүүнү, ошондой эле тиешелүү документтерди даярдоону тапшырды.  

Буга чейин Кош-Көл айылына жакын жердеги гольф-курортун «СК Девелопмент» курулуш компаниясы куруп жатканы айтылган. Бул компаниянын аты «ПолитКлиника» басылмасынын «СК-Девелопменттин» башчысы Алексей Конев менен президенттин уулу Рустам Жапаровдун ортосундагы байланыш тууралуу жасаган иликтөөсүндө аталган. 

Журналисттер аныктаган маалыматка ылайык, Конев компаниядагы үлүшүн Рустам Жапаровдун досу Элдос Үсөнбековго 500 сомго саткан. Кийин Коневге таандык «СК Девелопмент» компаниясын негиздегендердин курамына президенттин жакын адамы Арзыбек Буркановдун бир тууган кайын эжеси Гулбара Бокушева кошулганы белгилүү болгон.

«ПолитКлиниканын» видеосунан скриншот. 

2023-жылы августа иликтөөгө комментарий берген президент Садыр Жапаров «СК Девелопмент» компаниясы Кош-Көл айылына гольф клубун куруу үчүн конкурстан 92 гектар жер утуп алганын билдирген. Азырынча бул Министрлер кабинети трансформация кылып жаткан жерби же башкабы белгисиз. 

Президент Жапаров уулу Рустамды аталган жерге компания курулуштун баасы 10 эсе кымбат кылып жүргүзүп баштагандыктан «курулушту аягына чыкканга чейин көзөмөлдөп, баасын текшерип туруш» үчүн жөнөткөнүн айткан

«Жибергеним жакшы эле болгон экен. “СК Девелопмент" курулушту аягына чыгара алмак эмес экен. Акчалары жок. Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунан кредит алабыз деп арыз беришкен экен. Алар баш тартып, беришпептир. Анткени тарыхы начар да. "Керемет банктан" насыя алып төкпөй кеткени бар. Азыр Рустам инвесторлорду тартып жатат. Президенттин баласы деп ишенген үчүн келип атышса керек», — деген Жапаров

Башкы беттеги иллюстративдик сүрөт.