Сот блогер Али Эргешевди үй камагына чыгарды

Бейбаштыкка шектелип кармалган блогер, «Эл билсин» долбоорунун автору Али Эргешев Жалал-Абад шаардык сотунун чечими менен 13-мартка чейин үй камагына чыкты. Маалыматты «Клоопко» 15-февралда соттун басма сөз кызматы тастыктады.

Эргешов 13-февралда ИИМ тарабынан өткөн жылдын май айында катталган бейбаштык окуясы боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында кармалып, Жалал-Абад шаардык сотунун токтомуна ылайык камакка алынган

ИИМден Эргешевге карата «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш иш козголуп, буга чейин издөөдө жүргөнүн билдиришкен. Аны милиция кызматкерлери эл аралык «Манас» аэропортундагы адамды жүзүнөн тааныган видеобайкоонун жардамы менен кармаган.

Буга чейин Али Эргешев инстаграм барагына сүрөт, видео жарыялап, аны күч кызматкерлери кармаганын айткан. Ал бул жагдай блогерлик ишмердүүлүгүнө байланыштуу экенин жана мыйзам бузбаганын белгилеген. 

«Күч органдары “издөөдө экенсиңер” дешти. Таң калычтуу, буга чейин эч ким андай кабар берген эмес. Кармоо жөнүндө айтышты. Баш коргоо чарасы “камакка алуу” дешти. Бул журналисттик иштердүүлүгүбүз менен түздөн-түз байланыштуу. Эч кандай мыйзам бузган эмеспиз, мыйзамга туура келбеген иштерди гана көргөзүп бергенбиз», — деген ал.

Али Эргешев — Ютубдагы «Эл билсин» долбоордунун автору. Ал өлкөдөгү тамактануучу жайлардын санитардык абалы, мамлекеттик мекемелердин элге көрсөткөн кызматынын сапаты тууралуу видеолорду жарыялап келет. Аталган каналдын 127 миңден ашык катталуучусу бар. 

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкек шаардык соту жапырт кармалган 11 журналисттин баарын абакта калтырды

Бир цитата менен: Байсалов 11 журналистти камакка алуу — тарбиялоо чарасы экенин айтты