УКМК: Ош облустук милициянын бөлүм башчысы акча талап кылууга шектелип кармалды

Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын бөлүм башчысы АКШнын жаранынан 2 млн сом пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу 15-февралда УКМКдан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, былтыр декабрь айынын аягында АКШнын жараны облустук милициянын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысына зордуктоо, коркутуу жана шантаж кылуу фактысы боюнча кыргыз жаранына карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. 

Бирок милиция кызматкери кылмышка бөгөт коюунун ордуна арыз жазылган адам менен келишип алып, АКШнын жаранынан 2 млн сом өлчөмүндө акча талап кылганы аныкталган.

АКШнын жараны чындыкты аныктоо максатында бөлүм башчыга карата чара көрүүнү суранып, Ош ШИИБине кайрылган. Шаардык милиция тарабынан козголгон кылмыш иштин алкагында шектүү акча каражаттарын алып жаткан жеринен кармалды.

«Тергөөнүн жыйынтыгында, акча каражатын алуу үчүн милиция кызматкери кыргыз жаранын өзүнүн жеке унаасы менен алып келгени, ал жогорудагы жаранды кармоодо кылмыш болгон жерден качып кеткени аныкталган», — деп айтылат билдирүүдө. 

Иш тергөө үчүн УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгына өткөрүлүп берилип, шектүү 13 -февралда убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: Тургундан акча опузалаган бир милиция кызматкери кармалды, үчөө изделүүдө

Бишкек: Баңгизатка байланышкан иш боюнча дагы үч милиция кызматкери кармалды

Бишкек: Милиция кызматкери РИИБнын сактоочу жайынан 33,8 кг баңгизат уурдаган