Чүй: Милиция төрөттөн кийин каза болгон 36 жаштагы аялдын өлүмүн иликтей баштады

Чүй облустук милициясы 11-февралда Жайыл районунун аймактык ооруканасында төрөттөн кийин каза тапкан 36 жаштагы аялдын өлүмүн иликтей баштады. Бул тууралуу «Клоопко» 16-февралда милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Саламаттык сактоо министрлиги аялдын өлүмүнө байланыштуу оорукананын жетекчиси жана бир катар кызматкерлер иштен бошотулганын, ошондой эле кызматтык иликтөө жүргүзүү жана өлүмдүн себептерин аныктоо боюнча комиссия түзүлгөнүн маалымдады.

Ал эми маркумдун жолдошу «Сереп Медиа» маалымат агенттигине берген маегинде жубайы «дарыгерлердин шалаакылыгынан улам каза болгонун» айтты.

«Кесарево кылалы десек, дарыгерлер “азырынча кесарево кылганга укугубуз жок, негиз жок, келинчегиңиздин ден соолугу жакшы, өз күчү менен төрөйт, 8 баланы өз күчү менен төрөптүр, мунусунда да өзү төрөйт” деп кесаревого кабыл албай коюшту. [...] [Төрөттөн кийин] дарыгерлер эмне үчүн мага маалымат бербей бекинип жатышканын толук түшүндүрүп беришсин. Тиешелүүлөр өз жазасын алып, акыйкаттык орносун. Артында тогуз бала калды, бизге ким баш-көз болот?» — деди маркумдун күйөөсү.

Аталган окуя аялдардын төрөттөн кийин каза тапкан биринчи учур эмес. Буга чейин, үстүбүздөгү жылдын январь айында, Бишкектеги №2 төрөт үйүндө эгиз төрөгөн 22 жаштагы келин каза болгон. Былтыр октябрь айында 28 жаштагы келин Ош облусундагы Ноокат районунун аймактык ооруканасында төрөттөн каза тапкан, ал эми июнь айында 31 жаштагы Айпери Базарбаева Жалал-Абад облустук төрөт үйүндө көз жумган

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкек: Төрөтканада каза болгон 22 жаштагы келиндин өлүмү боюнча экспертиза дайындалды

Ноокат райондук ооруканасында 28 жаштагы аял төрөттөн каза болду

Жалал-Абад: Төрөттөн каза болгон 31 жаштагы аялдын жакындары дарыгерлерге нааразы