Лейлекте алдамчылыка шектелген 28 жаштагы тургун кармалды

Баткен облусунун Лейлек районундагы Андарак айылынын 28 жаштагы тургуну айылдашынын унаасын алып, акчасын бербей качып жүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Шектүү. Сүрөт: Баткен ОИИБи.

Маалыматка ылайык, Андарак айылынын тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал өткөн жылы февралда «ВАЗ 2107» үлгүсүндөгү автоунаасын 265 миң сомго соодалашып алган айылдашы акчасын бербей качып жүргөнүн билдирген.

Бул факт боюнча «Алдамчылык» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК «Берекет» базарынын жетекчилерин «ири өлчөмдө алдамчылыкка» шектеп кармады

«Үй алып берем». Ошто ири суммадагы алдамчылыкка шектелген тургун кармалды