Талас: Аймактык ооруканада 23 жаштагы келин төрөттөн каза болду

Талас облусунун Талас районундагы Чат-Базар аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүндө 23 жаштагы келин төрөттөн каза болду. Маалыматты «Клоопко» 20-февралда Талас ОИИБден тастыкташты. 

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 3-январында милицияга Талас районундагы дарыгерлер борборунан маалымат түшкөн. Анда 07:18 чамасында Чат-Базар аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүндө 23 жаштагы келин каза болгону айтылган.

Аталган факт Талас РИИБде катталып, жерине атайын тергөө-ыкчам тобу барган. Териштирүү иштери башталган. 

 Кийин, Талас районунун Кара-Ой айылынын 31 жаштагы тургуну — маркумдун күйөөсү милицияга арыз менен кайрылып, 3-январь күнү саат 06:00 чамасында аталган оорукананын төрөт бөлүмүндө 23 жаштагы келинчеги каза болгонун айтып, ага тиешелүү иш-чараларды жүргүзүп, күнөөлүү тарапты таап, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Окуя боюнча «Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Берененин экинчи бөлүгүнүн негизинде күнөөлүү тарапка 50 миңден 100 миң сомго чейин айып салынып, эки жылга чейин кызматтан четтетилет же беш жылга чейин эркинен ажыратылат. 

«Азыркы учурда тиешелүү экспертизалардын кортундулары даяр боло элек. Текшерүү жүргүзүлүүдө. Кылмыш иши көзөмөлгө алынып, тергөөнүн жыйынтыгы менен мыйзам чегинде чечим кабыл алынат», — деп айтылат билдирүүдө. 

Саламаттыкты сактоо министрлигинен да  экспертизанын жыйынтыгы менен чечим кабыл алынаарын билдиришти. 

Аталган министрликтин маалыматына караганда, Кыргызстанда 2022-жылы 41, 2023-жылы 38 аял төрөттөн каза болгон

ТЕМА БОЮНЧА:

Чүй: Милиция төрөттөн кийин каза болгон 36 жаштагы аялдын өлүмүн иликтей баштады

Бишкек: Төрөтканада каза болгон 22 жаштагы келиндин өлүмү боюнча экспертиза дайындалды