Ош: Наристесине сыра ичире турганын айткан 29 жаштагы тургун кармалды

Ош шаарында TikTok соцтармагындагы түз эфирде жашы жете элек кызына спирт ичимдигин ичире турганын айткан Сүлүктү шаарынын 29 жаштагы тургуну кармалды. Бул тууралуу «Клоопко» 20-февралда шаардык милициядан билдиришти.

Айыпталуучу. Сүрөт: Ош ШИИБ.

«Аял 17-февралда Ош шаарынын Жапалак айылындагы таанышынын үйүнө келген. Ал түз эфирде көрүүчүлөрдөн акча сурап, бербесе баласына сыра ичирерин айткан», — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле тургун аталган аракетин «хайп кармоо жана күйөөсүн коркутуу үчүн жасаганын» айтты.

Учурда кармалган тургундун аракетин юридикалык баа берүү үчүн иш тергөө кызматына өткөрүлдү. 

19-февралда Tik Tok'то түз эфирге чыккан тургун азык-түлүккө чамасы жетпей жатканын, катталуучулар анын эсебине акча которбосо, наристесине сыра ичире турганын айткан видео тараган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ошто эгиз кыздарын сабаган 21 жаштагы аял энелик укуктан ажыратылды

Асел Ногойбаеванын мурдагы күйөөсү ата-энелик укуктан ажыратылды