Ош: Мурда 7 жолу соттолгон кылмыштуу топтун мүчөсү үй камагына чыгарылды

Ош шаарында 20-февралда кылмыштуу топтун мүчөсү ишкерлерге үстөмдүк көрсөтүүгө шектелип кармалып, 22-февралда үй камагына чыгарылды. Шектүү мурда жети жолу соттолгон. Бул тууралуу «Клоопко» 22-февралда шаардык милициядан билдиришти.

Шектүү. Сүрөт: Ош ШИИБ.

Маалыматка ылайык, 2021-жылы августта эки тургун ишкерге «чет элдик жарандар менен иштешип жатканын жана акчасы бар экенин» айтып, «үлүш» талап кылышкан. Ошол эле күнү Ош шаарынын Асранкулов — Пушкин көчөлөрүнүн кесилишинде шектүүлөр жабырлануучуну коркутуп, Toyota Corolla үлгүсүндөгү унаасын тартып алышкан. Ошондой эле унааны 340 миң сомго башка бирөөгө сатып жиберген.

Бул факт боюнча «Тоноо» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, 20-февралда кылмышка шектүү катары Өзгөн районунун 31 жаштагы тургуну кармалган. 

Ал эми Ош шаардык соту 22-февралда шектүүнү үй камагына чыгарды.

Буга чейин Ош облустук Психиатрия жана наркология борборунун кызматкерлерин сабоого шектелип кармалган 34 жаштагы тургун үй камагына чыгарылган

ТЕМА БОЮНЧА:

Ошто медицина кызматкерлерин сабоого шектелген мурдагы аскер кызматкери үй камагына чыгарылды

Үй камагына чыккан «Коён» каймана аттуу Низамов 4 күндөн кийин кайра кармалды