Сот экс-депутат Өмүрбек Бакировду шайлоодо добуш сатып алууга күнөөлүү деп тапты

Ош облусундагы Ноокат райондук соту мурдагы эл өкүлү Өмүрбек Бакировду 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо добуш сатып алган деген айып боюнча күнөөлүү деп таап, айып пул салды. Бул тууралуу «Клоопко» 26-февралда экс-депутаттын жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева тастыктады.  

Өмүрбек Бакиров.

Маалыматка ылайык, чечим 2023-жылдын декабрь айында чыккан. Жактоочу райондук соттун чечимине каршы Ош облустук сотуна апелляциялык арыз берилгенин айтты.

Бишкектин административдик соту Оштун Ноокат районундагы №4 Көк-Жар бир мандаттуу округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын 7-июнда жокко чыгарган. Анда аталган округдан депутат болгон Бакировго тиешелүү БШКнын токтому да мыйзамсыз деп табылган. Кийин бул чечимди шаардык да, Жогорку сот да күчүндө калтырган.

Бакиров аны депутаттык мандатынан сот аркылуу ажыратууга аракет кылып жатышканын айтып, аны мыйзамсыз деп атаган.

«Мыйзамга ылайык, шайлоо учурундагы талаштуу маселелер, өтүнүчтөр үч күндүн ичинде каралышы керек. Алар бул норманы одоно бузуп жатышат. Кыргызстандын тарыхында мындай окуя болгон эмес. Шайлоодон кийин бир жылдан соң сот талаш-тартыштарды кайра карап чыгууну чечкен. Алардын айтымында, бул "жаңы ачылган жагдайлардын" негизинде жасалып жатат, бирок мыйзамдарда мындай түшүнүк жок. Бул парламентке болгон кысым», — деген ал.

Өмүрбек Бакировдун мандаты боюнча талаш-тартыштар парламент жыйынында кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүп берүү келишимин талкуулап жаткан учурда УКМК башчысы Камчыбек Ташиев менен болгон оозеки талаш-тартыштан кийин башталган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: Өмүрбек Бакиров добуш сатып алуу иши боюнча сурак берди

Мандат маселеси: БШК Өмүрбек Бакировдун каттоосун жана күбөлүгүн жокко чыгарды

Ташиев менен айтыша кеткен Өмүрбек Бакиров Ак үйдөгү бөлмөсүнөн чыгарылды