«Добуш сатып алуу». Сот Дамира Ниязалиеваны күнөөлүү деп тапты

Бишкектин Ленин райондук соту Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон Дамира Ниязалиевага карата өкүм чыгарды.

Бишкек шаардык соту «Добуш сатып алуу» беренеси боюнча мурдагы депутат Ниязалиевадан тышкары дагы беш кишиге карата өкүм чыкканын билдирди. 

Райондук соттун 29-февралындагы өкүмүнө ылайык, иш боюнча бардык айыпталуучу күнөөлүү деп табылып, үч жылга соттолгон. Бирок аларга мунапыс жарыяланып, жазадан бошотулган.

Ленин окуругундагы шайлоо жана добуш сатып алуу

Өткөн жылдын 28-майда Бишкектеги бир мандаттуу №26 Ленин шайлоо округунда мөөнөтүнөн мурда депутаттык шайлоо өткөн. Добуш берүүнүн баштапкы жыйынтыгы боюнча Дамира Ниязалиева алдыга чыккан.

Эртеси Ниязалиевага кылмыш иши козголуп, шайлоо штабы мөөр басылып жабылган. Ага экс-депутаттын үгүтчүлөрдүн бири менен добуш сатып алуу боюнча сүйлөшкөн делген үн жаздыруунун тараганы себеп болгон.

Дамира Ниязалиева болсо айланасындагы окуяларды «атаандаштардын каралоосу» деп баалаган.

«Аудио боюнча ал мен эмесмин, ал монтаж. Мага басым, алган добуштарымды жокко чыгаруу аракети болуп жатат. Бул аракеттер менин атаандаштарым тарабынан болуп жатат деп ойлойм», — деген ал.

ТЕМА БОЮНЧА:

БШК Дамира Ниязалиеванын талапкер катары каттоосун жокко чыгарды