Ошто «Тез заряд» ишканасынын үстүнөн арыздангандардын саны 41ге жетти

Ош шаарында Charge fast (Тез заряд) ишканасына акчаларын алдатып, милицияга арыз менен кайрылгандардын саны 41ге жетти. Бул тууралуу 4-мартта Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган ишкана тургундарга «акчасын эки эсе көбөйтүп, тез арада байып кетүү мүмкүнчүлүгүн» убадалап келген. Алданган тургундар аталган ишканага 3000 сомдон тарта 1 млн 800 миң сомго чейинки каражатын которушкан.

Алдангандардын бири Ош шаарынын 53 жаштагы тургуну 2-мартта милицияга арыз менен кайрылган. Анда ал Алиев көчөсүндө жайгашкан Charge fast ишканасына 195 миң сом акчасын которуп, алданып калганын айтып, аларга карата чара көрүп берүүнү суранган. Ишкана кеңсесин жана расмий сайтын жаап, изин жашырып качып кеткен. 

Арыз боюнча топтолгон материалдар Ош ШИИБде катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. 

Текшерүүнүн жүрүшүндө, аталган ишканага алданган башка дагы тургундар аныкталган. Бүгүнкү күндө алардын жалпы саны 41ди түзөт.

«Арыздануучулардын баары Charge fast ишканасынын акчаларын эки эсе көбөйтүп, тез арада байып кетүү сунушуна алданып калгандарын билдиришти. Алар акчаларын ишкананын эсебине «Мбанк» аркылуу которуп турушкан. Жабырлануучулар мындан дагы көп. Зыян тарткандардын жалпы келтирилген чыгымдары такталууда», — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө. 

Учурда бул ишкананы түзгөндөрдүн өздүгү такталып, издөө жарыяланды. Алардын бири Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында туулган 48 жаштагы тургуну Бишкек шаарында шаардык милиция тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.  

Мурдараак, Ысык-Көл ОИИБи тарабынан аталган ишкананын Каракол шаарындагы 47 жана 49 жаштагы эки өкүлү кармалган. Аларга «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди

ИИМ Бишкекте ушул эле ишканын дагы төрт өкүлү кармалганын билдирди. Бишкектин Биринчи май райондук милициясына ишканага каршы 100дөн ашык киши арыз менен кайрылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Финико» каржы пирамидасын уюштурууга шектелген кыргызстандык аял Түркияда кармалды