Жалал-Абад: «Тез заряд» ишканасына алдангандардын чыгымы 17,6 млн сомду түздү

Жалал-Абад обулусунун Кара-Көл шаарында Charge fast (Тез заряд) ишканасына акчаларын алдатып, милицияга кайрылгандардын саны 100дөн ашты. Бул тууралуу 5-мартта облустук милициядан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, тургундар аталган ишканага 500 миң сомдон 1 млн 500 миң сомго чейин акча которгон үй-бүлөлөр бар. 1-мартта аталган каржы пирамидасы иштебей, жарандар салган акчаларын ала албай калышкан.

Алар мобилдик тиркеме аркылуу акча салышкан. Ал эми ишкана өкүлдөрү тургундардын салган акчаларын эки эсе көбөйтүп берерин убадалашкан.

Милицияга окуяга байланыштуу 116 арыз катталып, жалпы чыгым 17 млн 600 миң сомго чукул экени аныкталды.

Учурда Charge fast ишканасын түптөгөн ага-инилердин бири Бишкекте кармалып, экинчиси изделүүдө. Жалпысынан аталган ишкананы негиздеген деген шек менен беш киши кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Буга чейин Ош шаарында Charge fast ишканасына акчаларын алдатып, милицияга арыз менен кайрылгандардын саны 41ге жеткен.

Башкы беттеги иллюстративдик сүрөт.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ошто «Тез заряд» ишканасынын үстүнөн арыздангандардын саны 41ге жетти