Шайлообек Атазов башкы прокурор Зулушевдин отставкага кетишин талап кылды

Депутат Шайлообек Атазов.

Жогорку Кеңештин 13-марттагы жыйынында депутат Шайлообек Атазов билдирүү жасап, аны мандаттан ажыратууга башкы прокурор Курманкул Зулушев кызыкдар деп айыптады.

Атазов коррупция боюнча күнөөсүн моюндаган мурдагы бажычы Райымбек Матраимов менен байланышы бар деген кептерге комментарий берди. Ал Матраимов менен Зулушевдин байланышы бар экенин айтып, отставкага кетишин талап кылды.

«Ушул мандатты эки жылдан бери артыман кууп жүрүп Башкы прокурор максатына жетти. Матраимов менен байланышы жок кайсы саясатчы бар? Кыргыз спортун көтөрүү үчүн Матраимовго чейин дагы өтө көп адам менен байланышкам. Эң чоң байланышы бар эки китти айтып коёюн, мына башкы прокурор Зулушев сиз өзүңүз кан досу болуп, уча тартып, туулган күнүңүздө "Раим досум келгиче жебей тургула" деп отурбадыңыз беле. Үч жылдан бери башкы прокурор болуп отурасыз, ал киши чоң кылмышкер болсо, көрбөй калдыңызбы? Кечээ муфтиятты ачып жатканда эле кармабайт белеңиз», — деди ал.

Атазов мамлекеттин саясаты деп бардык мыйзамды, президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди колдоп келгенин белгиледи. Ал «казино жөнүндө мыйзамды колдоп туура эмес кылганын» айтып, элден кечирим сурады.

Эл өкүлү парламент төрагасы Нурланбек Шакиевге кайрылып, депутаттарды коргоого чакырды. Ал парламентке эркиндик керек деп белгиледи.

Атазовду мандаттан ажыратуу

6-мартта Бишкектин административдик соту Шайлообек Атазовду депутаттык мандатынан ажыратып, БШКны Абдурахманхажи Муртазалиевди Свердлов бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаты деп таанууга милдеттендирген.

Ошол эле күнү Атазов административдик соттун чечимине комментарий берип, чечим «мыйзамсыз экенин» айткан.

«Эч кандай юридикалык аргумент, фактылары жок. Өлкөбүздөгү саясий топтордун кызыкчылыгы менен жасалды. Тилекке каршы өлкөбүздө президенттин айланасына кайрадан эки жүздүү аферисттер, шылуундар топтолуп калды. Алардын атын атап, коомго жүзүн ачпаса болбойт окшойт. Мен эми мага болуп жаткан акыркы алты айдагы саясий кысым жана аны кимдер уюштуруп жатканына күн сайын убакытка карап токтолуп турайын. Сабыр кылдым, жөн коюшпады», — деген Атазов.

ТЕМА БОЮНЧА:

Сот Шайлообек Атазовду депутаттык мандатынан ажыратты